Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Ирактагы экономикалык контракттар АКШны колдогон өлкөлөргө гана берилүүдө


АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, Ирактын чарбасын калыбына келтирүү боюнча контракттар өлкөгө аскерлерин жиберип, жарандары кан төккөн мамлекеттердин гана компанияларына берилүүгө тийиш: "Биздин өлкөнүн атуулдары аскерий кызматка өтүп, Иракка барып өмүрлөрүн коркунучка дуушар кылган. Коалицияга кирген өлкөлөрдүн жарандары дагы Иракты эркиндикке жеткирүү ишине катышып, кан төккөн. Ошондуктан америкалык долларлар ошол өлкөлөргө берилгени ушул фактыны чагылдырат". АКШ жетекчилигинин бул чечимин Алмания, Кытай, Орусия жана Франция сынга алды. 11-декабрда Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан дагы аны жөнсүз чечим деп атады.

XS
SM
MD
LG