Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

ӨЛКӨ КЕРЕКТЕП ЖАТКАН ДАРЫ-ДАРМЕКТИН 7% ГАНА ӨЗҮБҮЗДӨ ЧЫГАТ


Дары-дармектер тууралуу Кыргызстанда 1991-жылы жана 2003-жылы атайын мыйзамдар кабыл алынган. Тармакты өнүктүрүүнүн 2005-жылга чейин эсептелген атайын программасы иштелип чыккан. Бул тууралуу 12-декабрда Бишкекте өткөн фармацевт кызматкерлердин 1-курултайында сөз болду.

Ушу тапта дарыканаларда сатылып жаткан дары-дармектердин 7% гана Кыргызстандын өзүндө чыгат. Калганы четтен ташылып келет. Сырттан келген дары-дармектен 20% кошумча нарк салыгын алып салуу тууралуу чечим тармактын абалын кыйла жандантканын курултайдын катышуучулары бирооздон белгилешти. Ошого карабай, Парламент депутаты Ишенбай Молдоташев алыскы айылдардын калкын дары-дармек менен камсыз кылуу дагыле ойдогудай ишке аша электигине токтолду:

- Алыскы айыл калкын дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу максатында, фармацевтика боюнча кесиптик билими жокторго деле дарыкана ачууга мыйзам негизинде уруксат берилген. Бирок, бизге келип түшкөн маалыматтарга караганда, айрым шылуундар андай дарыканаларды шаарларда деле ача башташыптыр. Бул - тейлөөнүн сапатын гана төмөндөтпөстөн, фармацевт кесибинин кадырын да түшүрөт.

Курултайда Кыргызстанда дары-дармек менен камсыздоо маселеси кыйла дурус чечилгени айтылды. Саламаттык сактоо тармагындагы реформанын негизинде милдеттүү медициналык камсыздоо, медициналык тейлөө акысын кошуп төлөө, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеп жатат. Республикада 184 укуктук жак жана 30дан ашуун жеке фирмалар дары-дармек ташып келүү жана соодалоо лицензиясын алышкан. Анткен менен республиканын дарыканаларынан издеген дары-дармектин 70% гана табууга болот.

Фармацевттер курултайында тармактын көйгөйлүү маселелеринин бири катары андагы адистердин кесиптик билиминин төмөндүгү айтылды. Жыл сайын өткөрүлүп туруучу аттестациялоонун натыйжасы азырынча билине элек. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов курултайда тармакка тиешелүү маселелерди арай көз-чарай чечип алабыз деген пикирде.

- Максат – ишибизди жакшыртуу, элге өз убагында сапаттуу дарыларды жеткирүү, - деп сөз баштады министр. - Бүгүнкү курултайда ушул маселелер тууралуу сүйлөшөбүз. Жасалма дарылар тууралуу айтсам, азыр эми баарын түгөл текшерип туруу кыйын. Билесиздер, дарылар жол боюнда, колдо сатылып атат. Бул маселенин үстүндө да иштеш керек. Кыргызстанда дары-дармек жасоочу заводдор анчалык өнүккөн эмес. Негизи, биз пайдаланып аткан дарылардын 90% сырттан алынып келет. Өзүбүздө чыкпагандан кийин жасалма дарылар канча, аны кантип жогото алабыз –муну айтыш кыйыныраак.

Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин жетекчиси Шайлообек Үркүнбаев республикага ачык ташылып келинген дарылар тыкыр текшерүүдөн өтөөрүн, көчө соодасына, жасалма дарыларды саткандарга каршы катуу чаралар көрүлөрүн билдирди:

- Дары-дармектердин саны жыл сайын көбөйүп атат. Эл да аларды арбын сатып алышууда. Сырттан алынып келчү дары-дармектерден 20% кошумча нарк салыгы алынып салынгандан кийин алардын көлөмү 3 эседен ашты. Бажы аркылуу ачык алынып келип аткан дарылардын түгөл баарын биз текшерип турабыз.

Курултайдын катышуучулары жыйын соңунда тармактын ишин жакшыртуу, калкты медициналык тейлөө жаатындагы аракетин илгерилетүү жөнүндө чечим кабыл алышты.
XS
SM
MD
LG