Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

ПРОФЕССОР ЛАЙЛИ ҮКҮБАЕВА: «АЙТМАТОВ ТААНУУ» ИЛИМИНИН ЖАҢЫ КЫРЛАРЫ АЧЫЛУУДА»


Санарбек Карымшаков, Бишкек Ушул тапта адабият, маданият күйөрмандары, жалпы эле коомчулук заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 75 жылдык мааракесин белгилеп жаткан учур. Профессор Лайли Үкүбаеванын «Азаттык» үналгысына куруп берген маеги да ушул темага арналат.

- Лайли айым, сиз кандидаттык да, докторлук да диссертацияңызды Чыңгыз Айтматов боюнча жактап, «Айтматов таануу» илимине салым кошуп келаткан адабиятчысыз. Ошондон улам сизге узаткан алгачкы суроом: азыр бул багытта кандай жаңылыктар болуп жатат?

- «Айтматов таануу» илими азыркы күндө көп кырдуу багытта өнүгүп жаткандай сезилет. Биринчиден, жаңылануунун таасиринде Айтматовдун чыгармачалыгына кайрадан жаңы көз менен кароо маселеси көтөрүлүп жатат. Учурунда Айтматовду советтик жазуучу, социалисттик идеологиянын жактоочусу катарында, орус жана дүйнөлүк адабияттын туундусу катарында караган эмгектер абдан көп болгон. Ал эми кийинки мезгилдерде ушул позициядан кичине башкачараак карап, Айтматовдун чыгармачылыгына жаңы өңүттөн мамиле жасоо башталды. Башкача айтканда, «Айтматовдун чыгармачылыгы кечээ жана бүгүн кандай эле» деген маселени кыргыз адабиятында «Айтматов таануу» боюнча залкар изилдөөчү Кеңешбек Асаналиев козгоп, «Айтматов кечээ жана бүгүн» деген эмгегин жазып, ушул багытта жаңы чыйыр салгандай болду. Анда, Айтматов совет доорунда эле, «Кудайга мир мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм» деп Алыкул Осмонов айткандай, ыйманына камчы салбай, актуалдуу маселелерди козгоп келгендигин жана цензурадан кантип кыйгап өтүп, өзүнүн чыгармаларын жалпы окурмандарга жеткиргендиги жөнүндө айтылат.

Бүгүнкү күндө дагы бир жаңы багыт - Айтматовдун чыгармаларын улуттук кыртышка жакындатып кароо маселесине басым жасалып келе жатат. Анткени мурда Айтматовдун чыгармачылыгын кыргыз улуттук кыртышына жакындатып кароого караганда, орус адабиятына, дүйнөлүк адабиятка жакындатып кароого көбүрөөк басым жасалчу.

Чындыгында, Айтматовдун чыгармалары улуттук кыртышта өнүп-өсүп жана дүйнөлүк маданият менен органикалык биримдикте күчөтүлүп, өркүндөтүлгөн искусство катарында кароо тенденциясы күч алды. Бирок Совет бийлиги тушунда деле мындай багытта такыр эмгектер жазылган эмес деп айтканга болбойт. Мисалы, Гачевдин учурунда «Жамийла» повести жөнүндө жазылган “Доор адамынын сүйүүсү” («Любовь человека эпохи») эмгегинде Айтматовдун улуттук өзгөчөлүктөрүнө кызыгып, ошол багытта бир топ баалуу пикирлерди айткан.

- Эми дагы бир собол Лайли айым, Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү илимдин азыркы учуру жөнүндө айта кетсеңиз. Жазуучунун чыгармачылыгын жаңы өңүттөн изилдөөгө киришкен жаштардан барбы?

- Азыркы учурда Айтматовдун чыгармаларын дүйнөлүк адабий контекстте кароого аракеттер бар. Мисалы, кийинки мезгилдерде башка тилдерди жакшы өздөштүргөн изилдөөчүлөрдүн жаңы мууну пайда болду. Мисалы, Кытайдан келген Пелмей деген жаш окумуштуу кыз Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда кабыл алынышы жөнүндө илимий изилдөө ишин жазып, ийгиликттүү коргоп кетти. Түркиядан келген Ахмед Сарыгүл деген жигит Кыргызстанда он жылдан ашык убакыт иштеп, кыргыз тилин суудай үйрөнүптүр. Ал ошонун негизинде Айтматовдун чыгармаларынын Түркияда изилдениши боюнча илимий эмгек жазып, монографиясын жарыялады. Дагы бир кызыбыз Америкада Вашингтон университетин бүткөн экен, англис жана кыргыз тилдерин жакшы өздөштүрүп, бүгүнкү күндө Айтматовдун чыгармаларынын АКШда изилдениши боюнча илимий изилдөөлөрүн жазып жүрөт.

Андан башка, Кыргызстандын өзүндө да айрым улан-кыздарыбыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө ишине киришип жүрүшөт. Демек, бүгүнкү күндө ушул багытты өзгөчө белгилеп койсок болот. Кыргыз жаштары башка тилдерди өздөштүрүп, же болбосо башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин үйрөнүп, оргиналдуу эмгектерди жазып жүрүшөт.

- Маегиңиз үчүн чоң ыракмат!

Тектеш

XS
SM
MD
LG