Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Кыргыздын айтылуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов 75 жашка толду


БИШКЕК. Айтылуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов бүгүн 75 жашка толду. Жазуучунун мааракесине арналган салтанаттуу жыйын Бишкектеги И.Арабаев атындагы педагогикалык университетте өттү. Ага президенттик администрациянын, өкмөт аппаратынын, Кыргызстан жазуучулар кошуунунун өкүлдөрү, маданият ишмерлери, студенттер жана элчилер катышты. Жыйында Кыргызстандын, Орусиянын жана Беларустун президенттеринин жана башка таанымал адамдардын куттуктоолору окулуп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги жөнүндө баяндамалар жасалды. Ушул эле күнү Бишкектеги Улуттук китепканада «Ч. Айтматов - кылымдын улуу таланты» деген аталышта жазуучунун китептеринин көргөзмөсү ачылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG