Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

Кечээ Азербайжандын мурдагы президенти Гейдар Алиев 80 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын мурасын улутташтарынын бир даары ыраазылык менен эскерсе, калган бөлүгү аны авторитардык режимди жаңы ыкмалар менен сактап калды деп сынга алып келишти.

Чынында да, азери улуту үчүн Гейдар Алиев бир жактуу баа берүүгө эч мүмкүн болбогон чыгаан инсан болчу. Бир чети, ал коммунисттик түзүлүштүн бардык баскычтарында өз карьерасын ырааттуу өстүрө алган, мытайым коомдун бардык айла-амалына алдырбаган саясатчы эле. Ошол эле учурда анын да улут жүрөгүн ийиткен кадамдары болгон.

Гейдар Алиев 1923-жылы Нахичеван аймагында туулган. Университетти аяктаган жаш саясатчы 1967-жылы Азербайжан КГБсын жетектеп калат. Эки жылдан соң Азербайжан Компартиясынын Биринчи катчысы кызматына көтөрүлөт. Бул ишти он үч жылдай аркалаган соң, ал КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросуна мүчө болууга жетишет. Ал эми айтылуу Юрий Андроповдун тушунда, 1982-жылы, Гейдар Алиев СССР Министрлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалат.

Оош-кыйыш турмуш опаасы анын башына Михаил Горбачевдун тушунда келет. 1987-жылы Гейдар Алиев Саясий бюродон четтетилет. Ал эми 1990-жылы январь айында советтик танктар Баку көчөсүн тепсеп, элдин нааразылык чыгуусун айоосуз баскан кезде, Гейдар Алиев ачык түрдө коммунисттик партбилеттен баш тартат. Дал ошол чакта Гейдар Алиев “Азаттыкка” компартиядан чыгышынын себебин мындай деп түшүндүрүп маек курган:

- Мен партиядан кетип жатам. Мындай кадамга мен азери элинин азыркы жана болочокку бактысы үчүн барып жатам. “Азаттык” аркылуу азери элине кайрылып мындай деп айткым келет: канчалык көп киши демократия менен көз каранды эместик жолун, Азербайжанга саясий жана экономикалык боштондук берчү жолду тандап алса, ошончолук азери элинин турмушу оңолуу жагына түшөт.

1993-жылы Азербайжанда куралдуу төңкөрүш жүзөгө ашырылып, мыйзамдуу президент Абулфаз Элчибей бийликтен кетирилген чакта, коомдук турмуштан көмүскөдө калып келген карыя саясатчынын күнү кайрадан тууду. Ал эгемен мамлекетти жетектеп калды. 1998-жылы президент болуп кайра шайланган Гейдар Алиев өлкөдө саясий туруктуулукту калыбына келтирүү, Орусия менен улам начардап кеткен мамилени кайрадан жакшыртуу үчүн бар аргасын жасады. Ошол эле учурда Батыштагы айрым анти-коммунисттердин санааркоосу ордунан чыкпай, Гейдар Алиев Батыш, АКШ жана Түркия менен тыгыз экономикалык байланышты өөрчүтүү боюнча Элчибей баштаган багытты андан ары тереңдетти. Албетте, де-факто колдон чыгып турган Тоолуу Карабак аймагы маселесин ал чече алган жок, сырткаркы күчтөр ачык же тымызын аралашкан, чийеленишкен себептери узактан бери жыйылып келген бул жаңжалды ал чукул убакытта чече да албас эле.

Бир кезде коммунисттик партиянын мүчөлүгүнөн баш тарткан менен, мурдагы КГБчы Гейдар Алиев мунайга бай бул кавказдык өлкөдө авторитардык режимди кайра чыңдап алганы үчүн өмүрүнүн соңку мүнөтүнө чейин сынга кабылып келди. Быйыл күзүндө анын уулу Илхам Алиев бурмалоолор менен коштолгондугу сынга алынган шайлоонун негизинде мамлекет башчы болуп калды. Илхам өз атасынан өлкөнүн бийлигин гана эмес, басма сөз эркиндигине, демократиялык баалуулуктарга карата мышык-чычкан ойногон мамилени да мурастап калганы айтылууда.

Жүрөгү менен бөйрөгүнүн оорусунан узактан бери жапа чегип жүргөн Гейдар Алиев быйыл август айында Түркиядан АКШдагы Кливленд ооруканасына жеткирилген. Аны оппозициянын айрым өкүлдөрү буга чейин эле бир нече жолу “өлдү” деп жарыялаган. Ал түгүл Грузиянын мурдагы президенти Шеварднадзенин кеңсеси жалган маалыматка негизденип көңүл айтып жиберип, расмий Бакудан кечирим сураган учур да болду. 12-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат кечки саат сегизде Гейдар Алиевдин жүрөгү токтоду. Азерилердин тагдыр жолу жана мамлекет башчысы катары тарыхый ишмердүүлүгү талаш-тартыш туудурган чыгаан уулдарынын бири, ошентип, бул жолу кылычын кезенген ажалга моюн сунуп, пенделик кылды.
XS
SM
MD
LG