Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Кыргызстанда Акыйкатчы ырасмий түрдө ант берип, ишке киришкенине 1 жыл болду. 12-декабрда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрүп, бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Кыргызстандын алгачкы Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Акыйкатчы институтун түзүүнүн алгачкы жылы экономикалык, моралдык кыйынчылыктар жана түшүнбөстүктөр менен коштолду. Буга эң ириде каражаттын жетишсиздиги башкы себеп болду. Ошондуктан, Акыйкатчы өзүн азырынча толук эркинмин деп эсептебейт.

- Кыргызстанда Акыйкатчы институту киргизилип жатканда, бардыгыбыз, анын ичинде мен дагы «Акыйкатчы көз карандысыз болсо экен» деп ойлодук эле, - дейт Турсунбай Бакир уулу. - Мыйзамга да ушинтип жазган элек. Мен анда Акыйкатчы болуп шайлана да элек болчумун, шайланаарымды да билген эмесмин. Мына бир жыл иштегенден кийин Акыйкатчы көз карандысыз деп айтуу кыйын. Анткени, мен бюджетке, акчага көз карандымын. Азыр деле иштөө шартыбыз начар, командировкага бара турган акчабыз, мине турган машинабыз жок. Буга айрым аткаминерлер атайын тоскоолдук кылып, Акыйкатчыны иштетпей жатышат. Ушундан улам Кыргызстандын Акыйкатчысы көз карандысыз иш жүргүзүп жатат деп айтууга жарабайт. Муну моюнга алуу мен үчүн абдан өкүнүчтүү, бирок, айтууга милдеттүүмүн, мен көз карандымын.

Анткен менен, бир жылдын ичинде Акыйкатчыга ар кандай маселелер боюнча 9 миң 749 атуул арыз менен кайрылган. Анын 2 миң 854үнө оозеки кеңештер берилип, 868 атуул Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон. Арыз-даттанулардын көбүн сот жана тартип коргоо органдарынын ишине нааразылыктар түзөт. Андан кийинки орунда экономикалык жана атуулдук укук коргоолор боюнча берилген арыздар турат. Алардын көбү жеринде иликтенип, жооптор алынып, сунуштар берилди. Азыр 1000ден ашуун арыз териштирилип жатат. Даттануулардын түшүшүнө адам укуктары боюнча коомдо маалыматтын аздыгы жана мамлекеттик кызматкерлер арасында аны коргоо жоопкерчилигинин төмөндүгү өбөлгө түзүүдө. Ушундан улам Акыйкатчы эң ириде адам укугун коргоого багытталган мыйзамдарды өркүндөтүү, элге маалыматты жеткирүү жана адам укугун коргоо ишине атуулдук коом менен эл аралык уюмдарды тартуу милдетин алдыга койду. Аны ишке ашыруу үчүн Кылмыш, Кылмыш-жаза, Шайлоо кодекстерине жана бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар берилди.

Акыйкатчыга кеп-кеңеш берип туруучу көз карандысыз эксперттердин коомдук кеңеши түзүлүп, ага коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү тартылды. Бирок, Акыйкатчы бир жылдык ишинен кийин «адам укугун коргоо үчүн эң ириде сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу зарыл» деген бүтүмгө келди. Ал тууралуу Турсунбай Бакир уулу:

- Кыргызстандагы сотторду көз карандысыздык менен чукул аранын ичинде камсыз кылышыбыз керек. Алар кызматка бир адамдын дайындоосу менен эмес, шайланып келиши керек. Анткени, азыр сот адилетсиз чечимдерди көп чыгарып жатышат. Мисалы, журналистикага эле кайрылалы: бир редакциянын журналисттин соттоп, ири өлчөмдөгү айыппулду редакцияга асып коет. Ошого окшош маселе боюнча экинчи бир гезитке каршы арыз берилсе ага эч кандай жаза берилбейт. Анткени, анын артында бийлик турат.

Акыйкатчы андан тышкары абалды оңдоо үчүн мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу башкы милдет деген ойдо. Адам укугун бузган кызматкерлер боюнча иликтөө жүргүзүлүп, маалыматтар чогултулууда. Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү боюнча, ал маалыматтар Акыйкатчынын парламентке берүүчү жылдык отчетуна тиркелет:

- Адам укугун бузган атка минерлер боюнча иликтөөлөр жүргүзүлдү. Азыр акыркы бир аракет-алардан түшүнүк маалымат алуу гана калды, - дейт Турсунбай Бакир уулу.- Ал маалыматтардын баары Акыйкатчынын парламентке берчү жылдык баяндамасына киргизилет. Жогорку Кеңеш ал баяндаманын негизинде токтом кабыл алат. Андан тышкары мен президенттен ошол баяндаманын негизинде жардык чыгарышын суранам. Себеби, адам укугун бузган аткаминерлер жаза алышы зарыл. Ал башкаларга да үлгү болот. Аткаминерлер адам укугун бузган фактылар абдан көп. Мен ал жетекчилердин атын жашырбай жылдык баяндамага жазам. Азыр мен алардын кинесин далилдеген фактыларды топтоп, алар чатак салбагандай кылып туруп киргизгени жатам.

Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынында журналисттердин учурдагы саясат боюнча берген суроолоруна да жооп берип, кыргыз президенти келээрки шайлоого катышпаса Борбор Азияга гана эмес КМШ мамлекеттерине да үлгү болорун айтты. Акыйкатчы Аксы окуясынын чыгышына күнөөлүүлөр жазаланбай калды деген оюн да билдирди.
XS
SM
MD
LG