Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

ГЕЙДАР АЛИЕВДЕН КИЙИНКИ АЗЕРБАЙЖАН


Нарын АЙЫП, Прага Азербайжанды дээрлик отуз жыл билгениндей бийлеген Гейдар Алиев 12-декабрда АКШда 80 жашында көз жумду. Июлдан бери ал өлкөнү ооруканадан башкарып, уулу Илхамды октябрда өзүнүн ордуна президент кылып алууга жетишти. Азербайжан бийлиги ага каршы сөз айта алган жок, оппозиция болсо орчундуу чара көрүүгө жараксыз болуп чыкты, бирок Илхам Алиев үчүн проблемалар эми башталышы мүмкүн.

Азербайжан менен Грузияда жакында удаасы менен өткөн эки шайлоо карама-каршы жыйынтык менен аяктады жана кээ бир эксперттер ал окуяларды башка мурдагы советтик жумурияттарга ченеп, алардын мамлекеттүүлүгүнүн эки үлгүсү тууралуу да айта баштады. Маселе акчада жана өлкөнүн байлыгында. Байлыгын жоготууну каалабаган бийлик - ал байлыкка тийбеген гана реформаларды колдойт жана акыркы мезгилде андай түзүлүш тууралуу "башкарылган демократия" же "либералдуу империя" деген түшүнүктөр да пайда болду.

Гейдар Алиев өз уулун ордуна калтырууну каалаганы мындан бир нече жыл илгери эле белгилүү болгон, бирок эл аралык уюмдар же Батыш өлкөлөрү ага өтө деле катуу каршы чыккан эмес, шайлоо алдында президенттин уулу күтүүсүздөн бир-эки күндүн ичинде премьер-министр боло калганда дагы ал эч кандай чууга айланган жок. Грузиядагы шайлоо учурундагы бурмалоолор Азербайжандыкынан алда канча орчундуу болгон деп эч ким айта албайт, бирок Грузия президенти кызматынан кетүүгө аргасыз болду, ооруканада жаткан азери президенти болсо өлкөнү кың дедирбей башкарды.

15-октябрда Азербайжанда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы уюшулган демонстрацияларды полиция ырайымсыз басты, 2-ноябрда Грузияда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары дагы элге жакпады, бирок үч аптага уланган тирешүү учурунда полиция дагы, аскер да элге каршы күч колдонгон жок. Ошондуктан Грузиядагы жыйынтык демократия жакка бурулуп, Азербайжандагы бийлик авторитардык бойдон калууда деп айтканга негиз бар.

Бирок атасынын күчү менен бийликке келген Илхам Алиев жогорку кызматка даяр жана күчтүү саясатчы экенин салыштырмалуу оңой эле көрсөтө алмак. Шайлоо комиссиясынын айтымында, Илхам добуштардын 80 пайызына жакынын чогултту, анын атаандашы Иса Гамбар үчүн болсо 12 гана пайыз добуш берилди, ал - 350 миң адамдын добушуна тете. Бирок Гамбарды колдоп, шайлоо алдында көчөгө 100 миңден ашык адам чыгып келген, ошондуктан шайлоодо ал болгону 350 миң адамдын колдоосуна арзыганына ишенүү кыйын.

Батыш байкоочуларынын айтымында, Иса Гамбар үчүн чындыгында 30 пайызга жакын добуш берилген, ошондуктан ал баары бир шайлоодо жеңе албайт болчу. Эгер Илхам Алиев шайлоонун чыныгы жыйынтыктарын жарыяласа - өлкөдө жаңы, адилеттүү башкаруу башталды деп айтканга жем ташталмак. Бийликке каршы чыккандарды камакка алып, аларды абакта кыйнагандык дагы Илхамдын күчүн эмес, алсыздыгын көрсөтөт.

Бакы шаарындагы "Тынчтык жана демократия үчүн" деп аталган институттун башчысы Лейла Юнустун айтымында, ондогон адам эмгиче камакта жана кыйноого дуушар болгон: "Кармалгандын баары азыр Байыл аттуу абакта, андагы абал салыштырмалуу жакшы. Бирок алгач алар Ички иштер министрлигинин абагына жеткирилген жана ал жерде катуу кыйналгандыктан, алардын ден соолугуна доо кеткен".

Мындай чаралар жаңы президентке кадыр кошпойт жана, андан тышкары, анын эч кандай орчундуу экономикалык же саясий жаңы программа жарыялабаганы - ал бийликке даяр эмес экенин жана эски ыкмалардан чыга албаганын көрсөтөт. Эң негизгиси болсо, мурда Гейдар Алиевге каршы сөз айта албаган бийлик өкүлдөрү эми Илхам Алиевге каршы аракет көрүшү мүмкүн экендигинде.
XS
SM
MD
LG