Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ ДАГЫ БИР ЖОЛУ ШАЙЛАНА АЛАБЫ?


Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитети «президент Аскар Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катыша алат» деген бүтүм чыгарды. Азыркы президенттин шайлоого катышуу укугун тактап берүү арызы менен Жогорку Кеңештин эки палатасынын тийиштүү комитеттерине Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов кайрылган эле.

Быйыл февраль айында өткөн референдумда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин президент Аскар Акаевдин кезектеги президенттик шайлоого катышууга укугу пайда болду деген сөздөр айтыла баштаган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов бул маселеге так жооп алыш үчүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитеттерине кайрылып, «Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясына ылайык 2005-жылдагы президенттик шайлоого катыша алабы?» деген суроону койгон.

Дүйшөн Чотоновдун мындай суроосуна Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети «Аскар Акаев мындан кийинки президенттик шайлоолорго катыша албайт» деп жооп берген.
Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын аталган комитети «А. Акаев жагы бир жолу катыша алат» деген жообун кечээ күнү жарыялады. Комитеттин 5 мүчөсүнүн төртөө «катыша алат» деп добуш берсе, комитет төрагасы Валерий Диль «Аскар Акаевдин 2005-жылдагы шайлоого катышууга укугу жок» деген позициясынан тайган эмес.
Ал эми депутат Дүйшөн Чотонов болсо парламенттин эки комитетинин мындай карама-каршы бүтүмдөрүнөн кийин өлкөнүн Конституциялык сотуна кайрылып, өз суроосуна так жооп алууга ниеттенүүдө.

«Президент Аскар Акаевдин 2005-жылдагы шайлоого катышууга укугу бар» деп добуш берген депутаттардын бири Исхак Масалиев мындай чечимге эмне себептен келгенин мындайча түшүндүрдү:

- Бул Конституциялык соттун 1998-жылдагы чечимине ылайык жооп, дейт Исхак Масалиев. - Ал кезде Валерий Диль баштаган атуулдар Конституциялык сотко кайрылып «Аскар Акаев дагы бир жолу шайлоого катышууга укугу барбы?» деп сурашкан. Ошондо сот чыгарып берген чечимге ылайык Аскар Акаев 2000-жылы биринчи жолу шайлангандай болду. Андан бери президенттин укуктары кеңейип, Конституция өзгөрдү. Ошондуктан биз – коммунисттер айтканбыз, «Конституциялык соттун бул чечими туура эмес чечим» деп. Бүгүн эми Конституциялык соттун ошондогу чечимине таянсак, Аскар Акаевдин дагы бир жолу шайланууга укугу бар деп эсептесе болот. Конституциялык сот бул чаташкан маселени чечиш керек.

Ал эми оппозициялык маанайдагы «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин чечимин мындай баалады:

- Эл өкүлдөр жыйынынын комитети жөндөн-жөн чечим чыгарган жок. Алар Акүйдөн берилген көрсөтмөнү аткарышты. Бул - мыйзамсыз чечим. Негизги себеп кандайдыр бир жол таап, Акаевдин дагы бир жолу шайлануусуна жол берүү.

Президент Аскар Акаев быйыл июнда өткөн «тегерек стол» жыйынында Конституциянын жаңы редакциясы анын дагы бир жолу шайлануусуна жол бербестигин билдирген эле:

- Мен бул суроого эки жолу жооп бергем. Жообум бир жактуу болгон. Конституциянын жаңы редакциясы менин кезектеги шайлоого баруума жол бербейт. Ошондуктан бул маселеге чекит коёлу. Кийинки президенттик шайлоо демократиялык мүнөздө, Конституцияга ылайык өтөт.

Президент Аскар Акаевдин бул билдирүүсүн АКШ баштаган демократиялык мамлекеттер кубаттоого алышкан. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу «Аскар Акаевдин кийинки мөөнөттөн баш тартышы бир эле Кыргызстан үчүн эмес, Борбор Азия аймагы үчүн да маанилүү» дейт.
- Аскар Акаевдин дагы бир ирет президенттик шайлоого катышуудан баш тартуусунан бир эле Кыргызстан эмес, жалпы эле постсоветтик демократия, анын ичинде, биринчи кезекте Борбор Азия аймагындагы демократия утат, - деген пикирде Турсунбай Бакир уулу.

Акыркы кезде Аскар Акаевдин кийинки мөөнөткө калышын камсыздоого аракеттер көрүлүп жатат. Бул үчүн кол чогултуу да башталганы маалым. Ал эми кезектеги президенттик шайлоого бийлик тараптан ат салышат деген күчтүү талапкерлер - Жоомарт Оторбаев, Накен Касиев сыяктуу белгилүү саясатчылар 2005-жылы ат салышпай турганын жарыя кылышты. Атургай, Накен Касиев Аскар Акаевдин потенциалы дагы эле түгөнбөгөнүн билдирип, анын кезектеги мөөнөткө калышын жактап чыкты. Бул аракеттер Ак үйдүн ишаарасы менен болуп жатабы? Же жеке демилгелерби? Буга жооп президенттик шайлоонун жакындашы менен табылмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG