Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

ООГАНСТАНДА ЛОЯ ЖЫРГА ЖЕКШЕМБИДЕ ИШИН БАШТАЙТ


Талиптер режими кулагандан эки жылдан кийин, Ооганстандын жаңы конституциясын кабыл алуу үчүн, өлкөнүн булуң-бурчунан 500 делегат Кабулда чогулуп жатышат. Жекшембиде баштала турган Лоя Жырга же Жалпы улуттук жыйында бийлик бөлүшүү боюнча катуу талаш-тартыш болот деп күтүлүүдө. Ал эми укук коргоочулар конституциянын долбоорунда аялдардын укуктары жетиштүү корголбогонун айтып жатышат.

Лоя Жырганын делегаттарынын бири Кудрат Улла жыйындын эмне себептен улам кийинкиге калып жатканын түшүнө албай башы маң. Ал өкмөттө бир мандем барбы деп жүрөк-заада:

- Башка делегаттар кечигип, Лоя Жырганын ачылышын артка тартып жатат деп айтып жатышат. Бирок президент Хамид Карзайга же өкмөткө байланышкан башка тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Биз али билбейбиз. Жыйын эртең башталат деп айтып жатышат.

Кудрат Улла Кабулга өлкөнүн булуң-бурчунан чууруп келип жаткан 500 делегаттын бири. Бирок президент Хамид Карзай эки ирет кийинкиге калтырылып, эми жекшемби күнү башталып жаткан жалпы улуттук жыйындын максатына жетээринен күмөн санаган жок:

- Биз 2004-жылдын июнь айына белгиленген шайлоону кечиктирбейбиз. Шайлоону убагында өткөрүү үчүн колдон келген аракетибизди кылабыз.

Өлкөнүн ички иштер министри ушул аптанын башында Лоя Жырганын ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрү жана ошондой эле Ооганстандын коопсуздук кызматкерлери ишке тартылып жаткандыгын жарыялаган.

Гераттан келген делегат Гулам Бахавуддин кол салабыз деген коркутуулар жаңы конституцияны кабыл алууга жолтоо боло албайт деген ишенимин билдирди:

- Ооганстандын чет өлкөлүк кас-душмандары Ооганстанда бейкуттук болушун каалашпайт. Алар тос-тополоңду жана туруксуздукту эңсешет. Бирок биз коркпойбуз. Кудай буюрса, Лоя Жырга бейкам ишин улантып, конституция бейкуттукта жактырылат.

Президент Карзай делегаттардан конституцияны бир жума, ашып кетсе, он күндөн калтырбай жактырып берүүнү суранууда. Бирок байкоочулар конституцияда бийлик бөлүшүү жана аялдардын укуктары боюнча олуттуу карама-каршылыктар бар экендигин белгилешүүдө.

Конституциянын долбоорунда күчтүү президенттик бийлик жана эки палаталуу парламент түзүү каралган. Көптөгөн колбашчылар жана советтик баскынчылыкка каршы согушкан можахеддер президент менен өкмөт башчысы бийликти эриш-аркак жүргүзгөн парламенттик системаны жакташат. Хамид Карзай мындай системага каршы чыгып, эгер ал кабыл алынса, президенттикке талапкердигин койбой тургандыгын эскерткен. Кабулдагы көз карандысыз изилдөө институтунун байланыш адиси Том Мюллер мындай дейт:

- Президент Карзай - президенттик системанын кызуу жактоочусу. Ал эми бир катар можахед партиялары жана башка аймактардан келген делегаттар президент менен премьер-министрдин ортосундагы тең салмактуулукту камсыздай турган парламенттик системаны талап кылышууда. Менимче, Лоя Жыргада делегаттар катуу туруп, катуу талаш-тартыш болот.

Ал эми атуулдук укуктарды коргоо вазийпасын аркалаган эл аралык Кризистик топ борбордук өкмөт менен вилайеттердин (провинциялардын) ортосундагы бийлик бөлүшүүгө байланыштуу, конституциянын долбоорунда одоно кемчиликтер бар экендигин белгиледи. Эл аралык Мунапыс уюмун болсо аялдардын укуктарынын кепилденбегени айрыкча тынчсыздандырууда. Уюмдун Ооганстандагы өкүлү Карл Содерберг "Азаттыкка" азыркы долбоордун текстинде аялдарын укуктарын коргоонун жол-жобосу такталбаганын билдирди:

- Конституциянын долбоорунда "атуул" деген сөз эркектерди, аялдарды жана балдарды камтый тургандыгы такталган эмес. Мисалы, аялдардын укуктары сактала тургандыгы даана айтылган эмес. Биздин ишенимибизде, бул жараянда аялдардын көмүскөдө калбашын камсыздоо өтө маанилүү.

Лоя Жырганын делегаттарынын ар бир бешинчиси – аялдар. Бирок Содерберг алардын тең укук берүү талаптарына катуу каршылык көрсөтүлөт деп боолголоду:

- (Лоя Жыргага) көптөгөн көрүнүктүү аял активисттер тандалды. (Бирок) учурда башка делегаттардын арасында өтө катаал эскичил (консервативдүү) күчтөр бар. Аялдарга өз ой-пикирлерин билдирүүгө мүмкүндүк берилеби, жокпу, кеп ушунда.

Мындан тышкары, айрым атуулдук жана студенттик топтор конституциянын долбоорунда жогорку билим алуу укугунун кепилденбегенин сынга алышууда. Анын аралыгында, Бириккен Улуттар уюму Ооганстанда коопсуздук кырдаал жакшырбаса, өлкөдө ишин токтотууга аргасыз болоорун эскертти. Март айынан бери мында Бириккен Улуттардын 11 кызматкери киши колдуу болду.

XS
SM
MD
LG