Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Палестин өкмөт башчысы менен жолугушту


РАМАЛЛА. Бүгүн АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Дэвид Саттерфиилд Палестин автономиясынын өкмөт башчысы Ахмед Корейи менен жолугушту. Жолугушуунун максаты жөнүндө маалымдалбайт, бирок региондо жүргөн АКШлык элчи туйукка такалган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантуу максаты менен келген. Эртең Саттерфиилд Израилдин өкмөт өкүлдөрү менен жолугушат. Кечээ Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы өкүлү Терже Рөд-Ларсен Израил-Палестин сүйлөшүүлөрүн жандантуу үчүн мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, ал үчүн эки тарап тең Жол Картасы деген тынчтык пландагы милдеттенмелерин аткарууга тийиш экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG