Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Ирактын жаңы армиясынын айлык акылары жогорулайт


БАГДАД. АКШнын аскердик командачылыгы Ирактын жаңы армиясынын аскерлеринин айлык акысы жогорутулаарын билдирди. АКШнын аскердик командачылыгынын өкүлү генерал-лейтенант Рикардо Санчестин айтымында, мурда Ирак армиясынын үй-бүлөлүү солдаты айына 60 доллардын тегерегинде айлык акы алган жана мындай ахвал аскерлердин согушпай, багынып берүүсүнө себеп болгону ыктымал. Санчес, убада кылгандай эле, АКШ Ирактын 40 миң жөө аскерин машыктыра турганын билдирди.
Анын аралыгында, Иракта болгон жардыруудан бир америкалык солдат курман болуп, экөө жараат алышты. АКШ аскердик жетекчилигинин маалыматына караганда, жоокерлер кечээ Рамади шаарынын жанында Ирактык согушкерлер Америкалык аскердик колоннага кол салганда, жабыр тартышкан.

XS
SM
MD
LG