Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Литванын президенти кызматтан кетиши мүмкүн


ВИЛЬНЮС. Литванын президенти Роландас Паксас эгерде парламент ага импичмент жарыялоо жараянын күчөтсө, ал кызматтан кетиши мүмкүн экенин билдирди. Паксас кылмыштуу топтор менен байланышы бар жана муну менен өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирген деп күнөөлөнүп жатат. Паксастын өзү бул айыптоолорду четке кагып келүүдө. Бирок кечээ тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө ал, эгерде парламенттин 141 мүчөсүнүн 85и импичмент айыптоолоруна кол койсо, кызматтан кетиши ыктымал экенин кыйытты. Премьер Алгирдас Бразаускастын Социалисттик Партиясынын өкүлү мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө партия ичинде талкуулар башталгандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG