Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Таласта электр энергиясынын карыздарын өндүрүү боюнча облустук штабдын жыйыны өттү


ТАЛАС. Электр энергиясы үчүн облустун жалпы карызы 144 млн. сом болсо, ал сентябрдан бери 27 млн. сомго кыскарган. Бирок, жыйналган каражаттардын 80-90% айыл-чарба продукциясы. Ошондуктан, энергетиктерге жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө карызды нак акча түрүндө өндүрүүнү 80% жеткирүү милдеттендирилди. Жыйында «Түндүкэлектр» акционердик коомунун Талас бөлүмүнүн деректири Руслан Имангажаев карыздар накталай акча менен өнбөй жаткандыктан, эскирген жабдуулардын ордуна жаңысын сатып алууга шарт жок экендигин маалымдады. Анын айтымында, азыр Талас бөлүмүндө бир дагы трансформатор жок.


Кабарларды Азиза Турдуева менен Бакыт Аманбаев даярдашты

Редактор-Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG