Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Жалалабад облусунда Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан жыйын өттү


ЖАЛАЛАБАД. Мектептердеги балдардан акча жыйноо жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо маселеси «тегерек үстөл» жыйынынын негизги темасы болду. Жаштар менен балдардын укуктарын коргоочу уюмдар мектепке акча жыйноо көп үй-бүлөлөр үчүн оор болоорун айтышып, ага конкреттүү далилдерди келтиришти. «Балдар» фондусунун төрайымы Кимсан Сагынбаева үч жүзгө жакын бала көчөдө жүргөндүгүн, каражаттын тартыштыгынан балдар баш калкалап аткан үй жабылуу коркунучунда тургандыгын билдирди. Жыйындын катышуучулары мектептердин ремонтуна шаардык жана облустук казыналардан акча бөлүнүшү керек деген жыйынтыкка келишип, ал тууралуу Билим, илим жана маданият министрлигине жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG