Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Бишкекте чыр-чатактарды алдын алууга арналган жыйын өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Чыр-чатактарды алдын алуу жана Кыргызстандагы толеранттуулук» деген темада «тегерек үстөл» жыйыны өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Дин башкармалыгынын жана Кыргызстандын эли ассамблеясынын өкүлдөрү катышты. Жыйында «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча саясат», «Шайлоо жана аз улуттардын бийликтеги өкүлдөрү», «Кыргызстандагы этникалык толеранттуулук», «Ислам жана Кыргызстандагы диний толеранттуулук» деген темаларда докладдар жасалды. Жыйындын катышуучулары мамлекеттик тилди административдик ыкмаларды колдонуу менен өнүктүрүү мүмкүн эмес дешти. Ошондой эле, «Хизб ут-Тахрир» уюмуна каршы репрессивдик ыкмаларды колдонуу да оң натыйжаларды бербейт деп белгиленди. Өзбек тилине ырасмий тил макамын берүү маселесин көтөрүү да негизсиз деген пикирлер айтылды.

XS
SM
MD
LG