Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:23

Аксы районунун айрым тургундары Рамазан Дырылдаевди колдошууда


БИШКЕК. 12-декабрда Жалалабад облусунун Аксы районунун Карасуу айылынын тургундары Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин айланасындагы окуяларга байланыштуу жыйын өткөрүштү. Анда азыркы бийликтин саясатын ачык сынга алгандыгы үчүн Рамазан Дырылдаев куугунтукка алынып жаткандыгы айтылды. Жыйындын катышуучуларынын пикири боюнча, бийлик комитеттин мурдагы мүчөлөрүн тукуруп, аларга колдоо көрсөтүп, натыйжада Рамазан Дырылдаевдин ордуна Болот Тыналиевди алып келүүгө аракет жасоодо. Жыйындын катышуучулары Юстиция министрлигинен Болот Тыналиев жетектеген комитетти каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарууну сунуш кылышты. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин Аксы районундагы өкүлү Токтогул Теңирбердиев маалымдады. Анын айтымында, ушундай эле жыйын кечээ Аксы районунун Кербен айылында да өттү. Ал эми Аксы райондук администрациясынын өкүлүнүн айтымында, мындай жыйын тууралуу анын маалыматы жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG