Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

ПЕТЕРБУРГДАГЫ КЫРГЫЗ ЖАМААТЫНАН ДУБАЙ САЛАМ


"Турмуш белестери" радио-журналынын кезектеги чыгарылышынан Орусиянын мурдагы байтактысында жашаган кыргыздардан кабар алыңыздар.

Санкт-Петербургга биринчи жолу кыргыздар, тагыраак айтканда кыргыз элчилери 18-кылымдын аягында барышкан. Петр Биринчи Европага терезе деп салдырган шаарды кыргыздар советтик доордо чындап өздөштүрдү бейм. Алгачкы толкундагылар улуу шаарда окуп, таалим алып, илим, маданият, саламаттык чөйрөлөрүндө эмгектенип, бир тобу ошол жакта орун-очок алып калышкан. Алардын эң атактуусу, киночу маркум Динара Асанова болсо керек. Кыргызстандын президенти билим алып, илимдин кудугун ийне менен казган шаарда көз карандысыздыктын жылдарында турмуштун айынан ооп келген кыргыздар көбөйдү. Бирин-серин студенттер да жок эмес. Өткөн айдын акыркы аптасында Санкт-Петербургда болгонумда, мен ушул көп кырдуу кыргыз диаспорасынын бир топ өкүлдөрүнө жолуктум.

Медер Төлөгөнов - Ноокенден, үч кыздын атасы, Петербургда 15 жылдан бери турат. Бөтөн жерде ак эмгегинен баар таап, тың жашап кеткен ишкерлердин бири. Медер түрктөрдөн "Алмаз" деген кафени сатып алган. Петербургда кыргыздар ачкан дагы эки-үч ресторан, кафе бар. "Алмазда" борбор азия элдеринин тамак-ашы "өзбек даамы" деп сатылат. Кыргыз студенттери менен барганыбызда, алдын-ала заказ менен беш-бармак жасашты. Кожоюндун көрсөтмөсү менен, кыргыздар 20 пайызга арзан түштөнүшөт. Медер Кыргызстанда шарт болгондо, Орусиянын өкмөтүнө төлөгөн салыгым өз элиме тыгынчык болбойт беле деп өкүнөт. Айылга эки-үч жылда бир каттайт, Кыргызстандагы саясатка көп кызыкпайт. Бирок акыры ата-журтка кайтып барабыз деди:

- Өзүм жөнүндө унутуп деле койдум. Балдарды ойлойм, аларды орнотуш керек., Европанын жакшы шаарында билим, тарбия алышса, жакшы эле болот деп ойлойм. Жакында эле бир досум айтып жатпайбы, как собаки поедем домой помирать деп. Өлсөк дагы өлүгүбүздү Кыргызстанга коюшат да. Бара турган жерибиз – акыры Кыргызстан.

Петербургда орун-очок алып калган мекендештерибиздин дагы бири жана атактуусу - Диляра Камбарова. Камбарова - Медицина илимдеринин доктору, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Петербургдагы кыргыздардын башын бириктирген "Кыргыз үй" деген коомдук уюм түзгөн. Ушул уюмдун атынан шылуундарга алданып, тартип коргоочулардын кылтагына илинген кыргыздарга колдон келген жардамын көрсөтүп келет; кыргыз студенттерин экскурсияларга алып барып, атактуу инсандар менен жолугуштурат. Президент Акаевге Петербургда консулдук ачууну суранган кат жазган, ага жооп ала элек. Диляра Камбарованын атасы Курман Камбаров Кыргызстандын билим берүү комиссары болуп туруп, Төрөкул Айтматовдор менен бир мезгилде атууга кеткен. Диляра эженин энеси дарыгер, чоң энеси табыпчы болгон, уул-кызы да энелеринин жолун жолдоп, врач болуп иштешет. Атасы кыргыз, энеси татар Диляра Курмановна өзүн дүйнөнүн атуулумун деп санайт. Ошол эле кезде Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга зор ынтаа менен назар салып, соңку мааракелерден улам кыргыздардын байыркы улут экендигин билип, ого бетер сыймыктанып калдым дейт. Диляра эже Петербургдун эң кооз ооданында, Каменноостровский көчөсүндө шыбы бийик, кең-кесири батирде турат экен. Пенсия жашына келип калса да, жүргөн-турганы шайдоот. "Кыргыз болуу, ата-журт деп эмнени түшүнөсүз?" деп сураганымда, жымыңдаган көздөрү менен конокторду айланта карап, мындай деди:

- Билесизби, кыргызда айтылат эмеспи. Жан тартпаса да, кан тартат. Эмне үчүн экенин билбеймт, бирок элим менен жаным бирге. Кыргызды көрсөм, жүрөгүм элжиреп кетет. Улутчул болгонуман эмес. Мен орус маданиятын да жакшы көрөм. Бирок Кыргызстан мен үчүн – кыялдын өлкөсү. Кыргызстанга барууну, тоого чыгууну эңсейм, карапайым адамдар менен дасторкондо отуруп, бир чыны чай ичким келет. Мен кичинекеимен карапайым адамдар менен өскөм. Менин кыялым ушул, эмне үчүн ушундай экенин түшүндүрүү мүмкүн эмес.

Диляра Курмановнанын ак досторконунда "Кыргыз үйдүн" башкармасы Макенбай Суратбаев да отурду. Макенбай Петербургда 25 жылдан бери жашайт, курулушчу, келинчеги орус, эки уулу экөө тең азыр армияда. Түбү Алабукадан. Анын айтымында, Петербургдагы кыргыз мигранттарынын башына түшкөн кыйынчылыктардын көбү каттоо тартибине байланышкан, бирок маданий ажырым да чоң тоскоолдуктардын бири:

- Кыргызстандан келген кыргыздар өздөрүн бир аз башкача сезишет. Кыргызстанда маданиятты окутпагандай, мектепте тарых сабагы өтүлбөгөндөй жүрүшөт. Адамга мамиле кылганды окутпаган, үй-бүлөдө тарбия начар болгон. Ошол жактан бир аз кыйналышат. Себеби, бул жерде тазалыкты кармоо керек; тамеки чексең, калдыгын туш келди ыргытпай, урнага ташташ керек; жолдо кетип бараткан жерде түкүрбөш керек; автобуста кетип атканда, аксакал адамга жай бошотуш керек. Бирөөнү түртүп кетсең, кечирим сураш керек. Ушул жагына бир аз кармаган адамдар жакшы эле жашап кетет. Мен келген кыргыздарга ушул жагын бир аз үйрөнүшүн каалайм, үйрөнсө калганы баары жакшы болот.

Жергиликтүү кыргыздардын дагы бири Туман Жумабаевге Чернышевский атындагы аянтта жайгашкан оодандык галереяда жолуктук. Тумандын "Гүлдөр" деп аталган көргөзмөсүнүн үстүнөн чыктык. Сарычелектин кулуну Петербургдагы Репин атындагы көркөм өнөр академиясын бүтүргөн, Орусиянын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Жакында эле Вьетнамда чыгармачыл командировкада болуп келиптир. Дубалдарда чайыттай ачык түстөгү миң түркүн гүлдөрдүн сүрөттөрү кас-катар илинип турду. Тумандуу Петербургда бул түстөр Алатоонун күн жаркырап тийген, көк-мөк асмандын алдында көз тайгылткан гүлдүү төрлөрүн эске салды. Туман Кыргызстанда күчтүү сүрөтчүлөр болгону менен, өкмөттөн же коомдон колдоо жок экенин өкүнүү менен айтып турду. Чарчы бойлуу, толмочураак, тармал чачы сүрөттөрүндөгү гүлдөрдүн жалбырактарындай бириндеп, ийнине түшкөн. Тумандын айтымында, Орусияда сүрөткерлерди байманалуу адамдар алардын чыгармаларын сатып алуу менен колдошот.

- Россияда азыр мамлекет тарабынан анча болбосо дагы, Россиянын элдери, бутуна турган россияндар чоң акчага болбосо дагы, жашоого жете турган акчага сүрөттөрдү сатып алып, сүрөтчүлөрдү аз да болсо колдоп турушат. Ошон үчүн Россияда мүмкүнчүлүк көп.

Ар ким ар кандай айтышты, Петербургда советтик мезгилден бери туруктуу жашаган 300 чакты кыргыз бар, ал эми жумуш издеп, кийин келгендердин саны мындан 2-3 эсе көп. Мына ошондой гастарбайтерлердин бири - Мелис Азык. Мелис бир жылча мурда келип, болгон акчасын прописка жасатып беребиз деген шылуундарга алдатып жиберген. Милициянын колуна түшүп, иши сотко чейин жеткен. "Кыргыз үйү" кийлигишип, акыры Петербургда калууга уруксат алган. Азыр гезиттерге реклама берип, ремонт иштерине заказ алып күн көрөт. Жашы 40кка чукулдап калса да, үй бүлө күтө элек. Түбү Нарындан, чап жаак, үнүн өтө пас чыгарып сүйлөгөн, тартынчаак жигит экен. Тумагын башына баса кийген, күрөң тонунан кадимки эле тяншандык чабандын жыты буркурап турду. Кафеде жолугушуп, сүйлөшкөн элек, кийин өзү телефон чалып, ушуну радиодон берип койсоңуз деп, бир барак кагазга жазып келген катын окуп берди. Анда ошол каттан үзүндү:

- Бул Санкт-Петербург шаарында орус элин эске албаганда, СНГ курамындагы мамлекеттерден келген атуулдарга салыштырмалуу, бул жердеги кыргыздардын жашоо турмушу өтө эле начар. Жумуш издеп, акча табуу үчүн үмүт артып келген карапайым кыргыз жаштары адамдык укуктары тебеленип, тонолгону тонолуп, депортацияланып, көпчүлүгү эптеп күн көрүү үчүн бөтөн элге кул катары баш-оту менен малынган. Себеби, бул жердеги кыргыздарды бириктирип, Армения, Грузия, Азербайжан, Балтика жана башка өлкөлөрдөй, бөтөн жерде өз граждандарынын укугун коргоп, өөрчүп-өнүгүшүнө, тилин жоготпоого шарт түзүп, аларды коргоп калчу уюмдары, консульствосу, мамлекеттик деңгээлде иш алып барчу адамдары жок.

Кышы катаал Петербургдун деңизден келген нымдуу шамалы сөөктөн өткөнү бир тең, турмуштун түркүн азабын тартып, бөтөн эл, бөтөн жерде канаты кайрылган Мелис Арыктын зээнди кейиткен сөздөрү бир тең болду.

Мен Петербургда учурашкан кыргыздардын эң куунагы, маңдайы жарыгы студент жигит Элдар болду белем. Элдар Алишеров Петербург Мамлекеттик университетинин экономика факультетинде экинчи курста окуйт. Бул факультеттеги беш кыргыздын ичинен быйыл жалгыз ушул бала орозо кармаптыр.

- Студенттердин жашоосу ансыз деле орозо эмеспи, эртең менен бир ичебиз тамакты, кечинде бир ичебиз, ошондуктан кыйын болгон жок.

Элдар Бишкекте орусча, түркчө окуганы менен, Петербургга келгенден баштап, улуттук сезими козголуп, эне тилинде сүйлөй баштаган.

XS
SM
MD
LG