Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

ДИНДЕР ЖАНА УЛУТТАР ОРТОСУНДА ЫНТЫМАК КАНТКЕНДЕ САКТАЛАТ?


13-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн демилгеси менен Регионалдык изилдөөлөр институтунда «Кыргызстанда чыр-чатактарга жол бербөө жана толеранттуулук» деген темада жыйын өттү. Анда өлкөдөгү тил, дин жана улуттук саясаты маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилди административдик ыкмалар менен жыйылтуу мүмкүн эместиги, мындай кадамдар саясий чатакты пайда кылышы ыктымалдыгы айтылды. Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө бала бакчалардан тартып шарт түзүүнүн жана тил үйрөнүүнү каалагандарга атайын курстарды ачуунун зарылдыгы белгиленди.

Өлкөдөгү дин маселеси боюнча сөз сүйлөгөн муфтий Мураталы Жумановдун айтымында, Кыргызстанда ишеним эркиндиги толук сакталып, ислам дини өнүгүүдө. Маселен, учурда өлкөдө 2 миңден ашуун мечит, диний билим берүүчү 41 медресе, 7 институт, 1 университет иштеп жатат. Ошентсе да, муфтийди бир катар маселелер тынчсыздандырат:

- Келечекте диндер ортосунда чатак чыкпаса экен деген көйгөй бар. Эгерде ушул азыркыдай багытта кетсек, андай чатак чыгышы мүмкүн. Азыр бизде диний агымдар көбөйдү. Алардын айынан чырлар чыга баштады. Мисалы үчүн, башка динге өткөн мусулман пендесинин көзү өтсө, аны көрүстөнгө коюуда, диний жөрөлгөлөрдү жасоода чатак чыгып жатат. Ал бара-бара райондук, облустук, республикалык деңгээлге көтөрүлбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Кыргызстандын башкы прокуратурасы жакында «Хизб-ут Тахрир» партиясы баш болгон 4 уюмду «экстремисттик уюмдар» деп, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Депутат Алишер Сабиров мындай репрессиялык чаралардын оң натыйжа берээрине күмөнү бар:

- Идеологияга каршы идеологиялык ыкма менен гана күрөшүү керек. Ансыз, идеология үчүн 10-12 жылга камаган коңшу мамлекеттердин жолуна түшөбүз. Тажикстан азыр кайра ошол жолго түшүп, айрым атуулдарын камай баштады. Ал эми Өзбекстан андай жолдун туңгуюкка алып келээрин акырындап түшүнө баштады. Бирок биздин күч органдарынын «хизбутчуларды» камайбыз деген аракеттери тескери натыйжаларды бериши мүмкүн.

Мындан тышкары Алишер Сабиров бийлик органдарындагы улуттардын санынын катышына токтолуп, Жогорку Кеңеште, жергиликтүү кеңештерде жана айыл өкмөттөрүндө башка улуттардын өкүлдөрү бардыгын, бирок тартип сактоо, салык, прокуратура органдарында кыргыздар үстөмдүк кылып, башка улуттардын өкүлдөрү аздыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG