Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ ӨЗҮНҮН ТАТЫКТУУ ОРДУН ТАБАЛЕК


Жакында «Мамлекеттик тил жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынганы турат. Ага ылайык, азыр иштеп жаткан мыйзамдан айырмаланып, мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билүүгө милдеткер болот. Мамлекеттик тилдин кооомдук турмуштагы ролу жылдан-жылга төмөндөп баратат, ага карабай, азыркы бийлик кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү аракетине кирише элек. Баштагыдай эле көпчүлүк жыйындар орус тилинде өтөт.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы дүйнөдө үлкөн сөзгө арзып, эгемен кыргыз мамлекетин атпай журт таанып калганын президент А.Акаев акыркы жолку парламент менен элге кайрылуусунда айткан.

- Бүт дүйнө биздин тоолуу өлкөбүзгө ушунчалык жакын, боор толгоп, кунт коюу менен көз салды, - дейт президент А.Акаев. - Көп өлкөлөрдүн калкы көркөмдүү жергебизге суктанып, кыргыз тилин жана мукам кыргыз күүлөрүн угуп, жалпы адамзат маданияты менен бир экенибизди жана цивилизациянын тарыхына, маданиятына кошкон салымыбызды да даана байкады.

«Анчалык узак кылым жашаган байыркы мамлекеттин рухий туткасы болгон улуттук тили турмуштан аз-аздап сүрүлүп, четке чыгарылып жатканы акыйкатта да ойлонто турган орчун маселе» дешет талдоочулар. «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын долбоору эки жылдан бери парламент менен өкмөттүн ортосунда түрткүнчүк болуп келатат. Себеби эле анда бийлик өкүлдөрү мамлекеттик тилди билиши керек деп жазылганында.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын долбоору парламентте талкууланардан мурда кыргыз тилин, улуттук үрп-адаттарды, каада-салттарды сактоо боюнча кыймыл түзүлгөн.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев тил маселесин чечүүнүн жолу жөнөкөй деп эсептейт:

- Чиновниктер эмне үчүн кыргыз тилин билиши керек дейбиз. Анткени, калктын 90% түрк тилинде сүйлөйт. Мамлекет биринчи кезекте адамдардын укугун камсыз кылыш үчүн түзүлгөн. «Чиновник адамдарга кызмат кылыш керек» дейбиз. Бул - «чиновник ошол адамдардын тилинде сүйлөш керек» дегенди түшүндүрөт.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоорунун орчундуу талабынын орундалышы бүдөмүк экенин орус тилдүү депутаттар жашырбай, ачык айтышууда. Анын үстүнө, мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди билиши зарыл дегенге такап кыргыз бийлиги мындан мурдагы шайлоодо президенттикке талапкерлер айрым атаандаштарын орто жолдон жыдытышкан болчу. 2005-жылдагы президенттик шайлоодо тил маселеси айныксыз аргумент болуп чыга келиши мүмкүн.

Мурда мамлекеттик тил тууралуу мыйзам талкуулана баштаса орус тилдүү калктын көбү жер которуу маселесин көтөрүп чыкчу эле, бул ирет маселе геосаясий кызыкчылыктар деңгээлине чыкты. Орусиялык «Аргументы и факты» апталыгы «грузин синдромуна» токтолуп, Орусиянын Молдова менен Приднестровье чатагын чечүүдөн баш тартканын мисалга тартты. Гезиттин жазганына караганда, Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу менен орус тилине ырасмий тил макамын берген мыйзамды жокко чыгаруу далалаты жанданды.

Депутат Зайнидин Курманов кыргыз тили менен орус тилинин өз ара мамилеси «Мамлекеттик тил жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоорунун кириш сөзүндө жазылбай калыптыр деген сынын алдыга жайды:

- «Негизги тил», «көмөкчү тил» дегендин айырмасы ачылбай калыптыр. Тил маселесин зордукка салып чечкибиз келет. Бирок мунун залакасы Балтика боюндагы мамлекеттердей эле өлкөдөгү жагдайга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

2200 жылдык тарыхын салтанат менен белгилеп жаткан эгемен өлкөдө түпкү улуттун тили дагы эле татыктуу ордун таба элек. Буга, илимпоз С.Жигитовдун пикири боюнча айтсак, улуттук интеллигенциянын жүүнүнүн боштугу, патриоттук сезиминин мококтугу себеп болууда.
XS
SM
MD
LG