Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

АСКАР АКАЕВДИН ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТҮ, ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН МААРАКЕСИ, ФЕЛИКС КУЛОВДУН УКУГУ


10-декабрда Өзбекстандын күч органдарынын кызматкерлери Кыргызстандын чегарасын бузуп киришти. 11-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитети «президент Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясына ылайык дагы бир мөөнөткө шайланууга укуктуу» деген чечимин кабыл алды 12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 75 жашка толду.

Бул аптада өлкөнүн саясий жана маданий турмушунда олуттуу окуялар арбын болду. Аптанын башында «Арнамыс» жана «Атамекен» партиялары оппозициянын лидери, азыр камакта жаткан Феликс Куловду 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөтө тургандыгын билдиришти. «Атамекендин» лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, өлкөнүн мыйзамдарында соттолгон атуул президенттик шайлоого катышалбайт деп айтылганы менен, Конституцияда андай чектөө көрсөтүлгөн эмес. «Ошондуктан Кулов 2005-жылдагы шайлоого катышууга укуктуу», - дейт Өмүрбек Текебаев.

Мамлекет башчылыгы үчүн күрөштүн деми эмитеден эле сезиле баштаганын бул аптадагы дагы бир чоң окуя шардана кылды. 11-декабрда Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты Дүйшөн Чотонов Эл өкүлдөр жыйынынын Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинен «мамлекет башчысы Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясына ылайык дагы бир 5 жыл мөөнөткө шайланууга укуктуу» деген кат алды. Дүйшөн Чотонов мындан мурда «Быйыл февралда өткөн референдумдун жыйынтыгы менен өзгөргөн Баш мыйзамга ылайык Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша алабы же жокпу?» деген суроону Жогорку Кеңештин эки палатасына жолдогон болчу. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынан айырмаланып, Мыйзам чыгаруу палатасынын Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитети «президент Аскар Акаев мындан аркы президенттик шайлоолорго катышалбайт» деген жыйынтыкка келген. «Аскар Акаев дагы бир жолу шайлана алат» деп добуш берген Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиев «комитеттин мындай чечими Конституциялык соттун «Аскар Акаев 2000-жылдагы шайлоого катышалат» деген мурдагы чечимине жооп болуп эсептелет» дейт.

- Бул Конституциялык соттун 1998-жылдагы чечимине ылайык жооп, дейт Исхак Масалиев. - Ал кезде Валерий Диль баштаган атуулдар Конституциялык сотко кайрылып «Аскар Акаев дагы бир жолу шайлоого катышууга укугу барбы?» деп сурашкан. Ошондо сот чыгарып берген чечимге ылайык Аскар Акаев 2000-жылы биринчи жолу шайлангандай болду. Бүгүн эми Конституциялык соттун ошондогу чечимине таянсак, Аскар Акаевдин дагы бир жолу шайланууга укугу бар деп эсептесе болот.

«Президент Аскар Акаевдин өзү жайында өткөн «Өнөктөштүк форумунда» «Конституциянын жаңы редакциясы менин дагы бир ирет шайланышыма жол бербейт» деп айтканына карабай, мындай карама-каршылыкка акыркы чекитти Конституциялык соттун өзү коюшу керек» дешет талдоочулар.

Саясат антип сарсанаага батып, көзүр топтоп 2005-жылды көздөп атканда, өлкөнүн коопсуздугуна көлөкө түшүргөн окуя 10-декабрда айтылуу Аксы районунда болду. Өзбекстандын куралчан жоон топ атуулдары мамлекеттик чегараны таламандын тал түшүндө бузуп кирип, Аксынын Жетиген айылынын тургуну Алимбек Батыралиевди күч менен кармап, Наманганга алып кетүүгө аракет кылышкан. Куралчан топ Өзбекстандын Янги-Курган районунун күч органдарынын кызматкерлери болуп чыкты. «Жансоогалап» жардам сураган Батыралиевге аксылыктар жан тартып ажыратып калышат да, Өзбекстандын 6 атуулун кармап, Кыргызстандын күч органдарына тапшырышат. «АКИ-пресс» агенттигинин маалыматына караганда, өзбек тарап кечирим сурагандан кийин, алиги алтоо абактан бошотулуп, Өзбекстанга жиберилген. «Айтор, бул окуя өлкөнүн чегарасы жакшы кайтарылбай, коопсуздугубузга олуттуу көңүл бурулбай жатканын далилдеди» дешти эксперттер.

Аксы демекчи, бул аптада Аксы районунун тургундарынын атынан депутат Азимбек Бекназаров президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдоп, Темирбек Акматалиевдин Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалганына шайлоочулары нааразы болуп жатканын билдирди.

13-декабрда Кыргызстандын биринчи Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун ант берип, кызматка киришкенине 1 жыл толду. Ал аралыкта Акыйкатчыга өлкөнүн 9749 атуулу арыз менен кайрылган. Акыйкатчы «дале болсо адам укуктарын коргоо иши өкмөткө байланыштуу» дейт:

- Мына бир жыл иштегенден кийин Акыйкатчы көз карандысыз деп айтуу кыйын. Анткени, мен бюджетке, акчага көз карандымын.

12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 75 жаш кутман куракка толду. Бул окуяга байланыштуу Чыңгыз агабыз «Азаттыкка» кеңири маек куруп берди. Эмесе ошол маектен үзүндү менен бул аптанын олуттуу окуялары тууралуу серепти аяктайлы:

- Демократияны баштап алдык, ушул демократияны өнүктүрүп, дүйнөлүк кыймылдан артта калбай катарда бололу. Ал үчүн тынчтык керек, ынтымак керек, - дейт Чыңгыз Айтматов.

XS
SM
MD
LG