Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Ооганстанда конституциялык жыйын өз ишин баштады


Лоя Жыргага өлкөнүн булуң-бурчунан 500 делегат катышууда. Жалпы улуттук жыйынды бүгүн мурдагы ооган падышасы Мохаммад Захир Шах ачты. Жыйын бир жумадан 10 күнгө чейин созулат деп күтүлүүдө.
Ачылыш сөзүндө 89 жаштагы Захир Шах жаңы конституция өлкөгө бакубат жашоо алып келет деди. Ал ошондой эле баш мыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизүүгө делегаттардын толук укугу бар экендигин белгиледи. Ал эми президент Хамид Карзай жаңы конституция ооган элине "президенттин жетегиндеги туруктуу келечекке жол ачат" деп ырастады.

XS
SM
MD
LG