Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Электр үчүн карыздардын жыйналбаганы башка көйгөйлөрдү жаратууда


БИШКЕК. «Түндүкэлектр» компаниясынын Таластагы филиалынын социалдык төлөмдөр үчүн карызы 1 млн. сомго жеткен. Облусттун социалдык башкармалыгы аны өндүрүү үчүн «Түндүкэлектрди» сотко берген. Сотто аталган компаниянын Таластагы филиалы социалдык төлөмдөр үчүн 700 тонна төө буурчак жана 1000 тонна буудай сунуш кылса, социалдык башкармалык андан баш тарткан. Андан да кызыгы, аталган филиалдын директору Руслан Имангажаевдин айтымында, сот аткаруучулары филиалдын эң зарыл техникаларын комиссиянын көзөмөл-баалоосуз эле туугандарына арзан баада сатып жиберишкен. Натыйжада, зарыл техника колдон чыгып, кыш мезгилинде өрөөндү электр менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учуроодо. Ушундан улам Талас филиалынын жетекчилиги энергетика тармагы боюнча вице премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Юстиция министри Курманбек Осмоновго кат жолдоду.

XS
SM
MD
LG