Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия материалдык колдоого муктаж


БИШКЕК. Кыргыз тилинде чыккан китептерди 20%дык кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу ишембиде «Азаттыкка» Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Азимжан Ибраимов билдирди. Анын маалыматына караганда, мыйзам долбоору кабыл алынса, анын негизинде Салык кодексине өзгөртүү киргизилет. Бул болсо өз кезегинде мамлекеттик тилдеги китептердин көп басылышына өбөлгө түзөт. Азимжан Ибраимовдун айтымында, кыргыз тилинде чыгуучу китептердин саны кийинки кезде кескин азайган. Маселен, 1993-жылы кыргыз тилиндеги китептердин саны 1,5 млн. болсо, 1994-жылы эле алардын нускасы 500 миңге чейин төмөндөгөн. Мындай оор кырдаал бюджетте каралган каражаттын толук берилбегенин түзүлүүдө. Өткөн жылы комиссия бюджетте каралган 5 млн. сомдун 3 млн. 270 миң сомун гана алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG