Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

ИРАК: САДДАМ “КАПКАНГА” ТҮШТҮ


Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнди америкалык аскерлер кармады деген кабар согуштун жана коркуп-кооптонуунун азабын көргөн көпчүлүк ирактыктарга жеңилдик алып келди. Ошол эле учурда диктатордун жактоочуларынын демин убактылуу болсо да басты. Бирок, байкоочулардын айтымында, Саддамдын колго түшүүсү менен, Ирактагы кагылышуулар дароо эле токтоп калчудай эместей.

1979-жылкы кутумдун натыйжасында Иракты кыңк эттирбей жеке бийлеп калган жана быйыл апрелде режими кулатылган Саддам Хусейндин колго түшүрүлүшүнө байланыштуу жекшемби күнү өткөрүлгөн Багдаддагы маалымат жыйынын дүйнөнүн ири телеканалдары түз алып көрсөттү.

АКШнын Ирактагы атуулдук администрациясынын башчысы Пол Бремердин жарыя кабарын журналисттер кол чаап күтүп алышты:

- Айымдар жана мырзалар, биз аны кармадык.

Америкалык генерал-лейтенат Рикардо Санчес чачы жана сакалы өскөн Саддамды тасмадан көрсөтүп: ”Бул - Саддамдын бүгүн медициналык текшерүүдөн өтүп жаткан учуру”, - дегенде, айрым араб журналисттери отурган жайынан атып турушуп, сүйүнүчүн жашыра албай, кыйкырып да жиберишти.

Рикардо Санчестин билдиришинче:

- Медициналык сынак Саддамдын жарааты жоктугун жана саламаттыгы жакшы экенин тастыктады. Саддам азыр жашыруун жайда камакта кармалууда.

АКШнын Ирактагы согушун биринчи күндөн тайбай колдогон Британиянын премьер-министри Тони Блэр жекшемби күнү Лондондо жасаган билдирүүсүндө Саддамды кармоого кол кабыш кылган ирактыктарга алкышын айтып, мындай деди :

- Саддам бийликтен кетти. Ал эми кайра келбейт. Муну ирактыктар билишти.

Америкалыктардын Европадагы башка бир ишенимдүү ынтымакташы - Испаниянын тышкы иштер министри Ана Паласио Мадридде убактылуу Ирак өкмөтүнүн башчысы Абдул Азиз ал-Хаким менен чогуу өткөргөн пресс-конференцияда эми Ирак эли дагы кенен дем алат деген тилегин айтты :

- Бул - Ирак элин бошотуудагы улуу күн. Бүгүн кандуу диктатордун коркунучтуу көлөкөсү жалп этти жана элдин эркиндиги дагы ого бетер камсыз болду.

Ирактын башкаруучу кеңешинин төрагасы Абдул Азиз ал-Хаким 14-декабрь - Ирак эли үчүн, адамзат үчүн тарыхый күн экенин айтты:

-Бул ирактыктар үчүн эле эмес, адамзат үчүн да улуу күн. Бул тынчтыкты сүйгөн бардык адамдар үчүн да улуу күн, анткени ал (Саддам) Ирак элине эмес, адамзатка да каршы зулумдук жасады.

Генерал Санчестин билдиришинче, Саддам колго түшүрүлгөн түнкү атайын жортуул учурунда эки Калашников автоматы, тапанча, 750 миң доллар, ак жана сары такси менен кошо анын эки жардамчысы кармалган.

Араб дүйнөсүндө Саддам кармалды деген кабар бир кылка кабыл алынган жок. Иордания парламентинин мүчөсү Аззам Гнейди Ройтер агенттигине берген маегинде: “Бул, албетте, суук кабар. Биз үчүн, Саддам АКШнын региондогу планына каршы күрөштүн символу эле. Биз америкалыктардын үстөмдүгүнө каршы турган ар бир адамды колдойбуз”, - деп айтты.

“Бул - тарыхтын кара күнү. Саддам араб болгону үчүн минтип айтып жатканым жок. Ал америкалыктардын Жакынкы Чыгыштагы адилетсиздигине каршы сүйлөгөн бирден бир адам болчу”, - дейт палестиналык такси айдоочу Фадик Хусам.

Тескерисинче, кувейттик Мохаммед ал-Худейб чоң кубанычта: “Анын кармалаганы бизди аябай сүйүнүчкө салды”.

Кыргызстандык айрым саясатчылар Саддамдын кармалышы менен, Ирактагы согуш токтой койоруна ишене беришпейт.

Оппозициянын өкүлү, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев Саддамдын кармалышын 9-апрелде Саддамдын режими кулагандан берки эң маанилүү окуя эсептейт:

- Менин оюмча, апрелде(Саддамдын режими кулатылганда) Иракта биринчи чоң бурулуш болгон. Экинчи чоң бурулуш - Саддамдын кармалышы. Себеби, Саддам өлкө калкынын 17 пайызын түзгөн суннийлердин бөлүгүн, түпкүрдө жашырып каткан куралдарын, ал-БААС партиясынын миңдеген адамдарын пайдаланып, аларды жаман жолго тукуруп жаткан. Ошондуктан, миңдеген адамдар Ирактын көчөлөрүнө чыгышып, Саддамдын кармалышын кубаныч менен майрамдашууда. Саддам кармалмайынча, өлкөдө тынчтык болбосун кээ бир адамдар ачык эле айтып жүрүшкөн. Мен Иракка тынчтык келээрине ишенем. Ирактагы демократиялык күчтөр, Ирак калкы өз тагдырын өз колуна алат.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Досбол Нур уулунун сөзүнө караганда, Саддамдын жактоочуларынын күрөшү тез арада токтоору күмөндүү:

- Саддам колго түшкөнү менен Ирактагы согуш токтобойт. Согуш бир топ мезгилге чейин созулса керек. Анткени, элдин баары Саддамды жаман көрбөйт. Эл ичинде америкалыктарды баскынчы катары көргөндөрү да бар. Ирактагы абал тез жөндөлүшү кыйын деген ойдомун. Жагдай кандай болоорун көрө жатарбыз.

Мурдакы дипломат Ишенбай Абдразаков Саддамдын ордуна андан да зулум бирөөлөр пайда болбойбу деп кооптонот:

- Саддам кармалганы менен, эл арасында Саддамдын идеясын колдогон адамдар да көп. Кеп Саддамда эмес. Кеп жалгыз эле Саддамда эмес. Кеп азыркы Батыштын саясатына каршы күрөшкөн адамдар бар экенинде. Балким, алардын арасынан Саддамдан да агрессивдүү адамдар чыгабы? Албетте, Саддамдын авторитети бар. Ал көп жылдардан бери элдин лидери болуп жүргөндүктөн, моралдык жактан көп адамдарга катуу таасир бериши мүмкүн. Азыркы каршылык күрөшү бир аз тынчып калышы мүмкүн. Бирок, ал канчадан кийин тынчып калат, аны айтыш кыйын...

Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер Саддамдын кармалышы менен Жакынкы Чыгыштагы жагдай да өзгөрөт деген үмүтү чоң экенин билдирди:

- Биз региондогу жагдай жана Жакынкы Чыгышка бүтүндөй өзгөрөт деген ишеничтебиз.

Фишер ошондой эле Ирактагы бийликти тезинен ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүгө чакырды.

Британиядалык эксперт Тоби Дож Саддам колго түшкөнү менен эрегишчилер согушту токтотпойт деп боолгойт. Себеби, Иракта Саддам менен стратегиялык же каржылык (финансылык) жактан байланышкан, бирок өз ара карым-катнашы жок топтор аракеттенүүдө. Алардын саны 15тен 30га чейин жетет деп жоромолдойт Дож мырза.

XS
SM
MD
LG