Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

ООГАНСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН КҮРӨШ БАШТАЛДЫ


Жекшемби күнү Кабул шаарында Ооганстан үчүн өтө маанилүү жыйын - Лоя Жырга ачылды. Улуу Жыйындын 500 делегаты өлкөнүн жаңы конституциясын талкуулап бекитишет. Мурдакы ооган падышасы Мухаммед Закир Шах улуу жыйынды агып жатып: “Бул конституция бекитилсе, гүлдөп-өсүүгө кепилдик берет”.- деди. Көпчүлүк делегаттар долбоордуу майда топторго бөлүнүп талкуулоого нараазы болсо, экинчи бир жамаат падышалыкты калыбына келтирүүнү талап кылмакчы.

“Улут атасы” аталган экс-падыша Мухаммед Закир Шах жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө делегаттардын өлкөнүн тагдырын чечүү үчүн чогулганына көңүлү жибигенин айтып, аларды конституциянын долбоорун талкуулоодо ийкемдүү болууга үндөдү.

Улуу Жыйындын 500 мүчөсүнүн 344ү өлкөнүн 32 провинциянан шайланган. Андан тышкары ар бир провинциядан экиден аял делегат келген. 50 делегатты өкмөт башчы Хамид Карзай дайындаган. 42 делегат индус жана сикх азчылыктарынын, ошондой эле Иран, Пакистан дагы башка өлкөлөрдө жашаган качкындардын өкүлдөрү.
Жыйындын мурда мерчемделгенден төрт күн кеч башталганына көпчүлүк делегаттар нааразы. Алардын бири Кудрет Улла:

- Биз Лоя Жырганын эмне үчүн кийинки жылдырылганын билбейбиз. Адамдар депутаттар кечигип келгенге байланыштуу жыйын артка жылдырылды дешет. Бирок, бул мырза Хамид Карзайга же өкмөткө байланыштуу иш болсо керек.

Кабулдук делегат Хафиз Мансур Жырганын мүчөлөрү он топко 50 адамдан биригип, долбоорду талкууласын деген жыйынды уюштуруучулардын таклибине каршы. Хафиз Мансур:

- Биздин оюбузча, делегаттардан сурабастан туруп, мындай кылышканы жакшылыкка алып барбайт. Биз бардык делегаттардын бир жайда отуруп, пикир алмашуусун каалайбыз. .

Аял укугун коргоочу уюмдар менен исламчылар Хамид Карзайдын өкмөтү өзү каалаган долбоорду өткөрүү үчүн делегаттарды майда топторго бөлдүрүп жиберген деп түкшүмүлдөшөт.

Ал эми Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризис группасынын баасына караганда, азыркы долбоордо “бийлик негизинен президенттин колуна топтолгон”. Бул конституция боюнча улуттук комиссия иштеп чыккан долбоорго каршы келет.

Хьман Райтс Уоч уюму болсо уруу аксакалдары менен лашкер башчылар өз адамдарын өткөрүү үчүн делегаттарга пара беришти, опузалап-коркутушту деп
билдирди.

Ооганстандын болочок түзүлүшү боюнча алдыдагы күндөрү катуу талаш-тартыштар болот сыяктуу. Маалымат булактарынын кабарлашынча, Карзай жактаган президенттик башкаруунун каршылары Ооганстан парламенттик башкаруудагы республика болушу керек деп сунуш кылып жатышат. Ошол эле учурда, Закир Шахтын жээни Мохаммад Дауд башындагы жамаат өлкөдө падышалык бийлик калыбына келтирилиш керек деп санайт. Дауд 1973-жылы таякеси Закир Шахты тактыдан кетирип, ошондон кийин Ооганстанда бийлик туруктуу болбой тез-тез алмаша баштаган.
89 жаштагы Шах азырынча эч бир тарапты ачык колдой элек.

Башка бир делегаттар конституцияда шариаттын коомдогу орду ачык көрсөтүлүш керек деп санашат.

“Вашингтон Пост” гезити билдиргенге караганда, Хамид Карзай америкалыктардын жардамы менен элдешпес каршысы исламчыл партиялардын башчыларын, анын ичинде мурдакы президент Бурхануддин Рабанини күчтүү президенттик бийлик болуусуна көндүрүшкөн.
Карзай таасирлүү уруу башчыларына эгерде ал президент шайланса, аларга маанилүү кызмат орундарын, анын ичинде парламенттен орун берем деп убада кылган.

Жаңы конституция боюнча парламенттин Аксакалдар палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин президент дайындайт.
Парламент эки палатадан туруп, ар бир палатада 250дөн депутат болот.

Кабулдагы Ооганстанды изилдөө бейөкмөттүк институтунун эксперти Том Миллердин айтымында:

- Чынында эле, Лоя Жырга өтө маанилүү саясый жараян жана ал 2001-жылкы Бонн жолугушуусунда мерчемделген планга ылайык жүрүүдө. Лоя Жырга Ооганстандын келечегин түптөөдөгү зарыл саясый жараян. Себеби, жыйында келерки жылы болчу шайлоонун саясый багыты, башкаруунун жана шайлоонун формасы аныкталат. .

Делегаттар Ооганстандын жаңы конституциясын кеминде 10 күндун ичинде бекитет деп болжолдонууда.
XS
SM
MD
LG