Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

ОШ ШААРЫНДА СУЛТАН ИБРАИМОВДУН ЭСТЕЛИГИ АЧЫЛДЫ


Кожогелди Култегин, Ош 13-декабрда Ош шаарында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун эстелиги ачылды.

Ошто Султан Ибраимовдун чакан бюсту бар болгону менен, ушундай олуттуу эстеликтин зарылдыгын, ал түндүк-түштүк ажырымын бүтөөгө да өбөлгө болоорун «Азаттык» радиосу дамамат айтып келген. Мына эми Султан Ибраимовдун эстелиги учурунда өзү салдырган, анын атындагы Ош кыргыз драма театрынын оң жак капталына коюлду.

Эстеликти ачуу аземине Бишкектен маркумдун үй-бүлөсү, туугандары, парламеттен атайын делегация ат арытып келди. Кайсыл топтолгондорго барбагын Султан Ибраимов жөнүндө гана сөз. Бирөөлөр Султан Ибраимов Ош обкомунун биринчи катчысы кезинде аялдамада автобус күтүп турган Рысбай Абдыкадыровду машинасы менен үйүнө жеткирип койгондугун айтса, бирөөлөр акын Жолон Мамытов Султан Ибраимовго аэропортто жолугуп бир ооз сөз айтып эле үйгө жеткенин эскерет. Дагы бирөө Султан Ибраимов кышында малчыларды кыдыруу учурунда жеңил кийинип жүргөн фотокабарчыга өз пальтосун кийгизгенин айтып жылмаят.

Ал киши менен үзөнгүлөш иштеген Мухтар Нургазиев болсо Кадамжайдан Чоңалай тарапка жол салдырып жаткан кезин эскерди. Кыргыз советтик республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов Караказык дабанында иштеп аткандарды вертолетто баратып көрүп, дароо сыйлык бөлгөн экен:

- Бульдозердин иштеп атканын, бир бульдозер май куюп атканын көрүп, бул киши ушунчалык толкунуп, кубанып кетти дагы мага айтты: «жакшы иш болуп аткан турбайбы, дагы 100 миң сом акча берелик, ушунун 5 миң сомун иштеп аткандарга сыйлык катары берсек кантет» деп, - дейт Мухтар Нургазиев Султан Ибраимовдун адамкерчилигин белгилеп.

Абдубай Тажибаев аксакал айткан Султан Ибраимовдун мынабул жетекчилик касиеттери айрыкча бүгүнкү эл башкаргандарга абадай керек белем: - Туура жүргөн, туура сүйлөгөн кишини абдан колдочу. Анан ушакчыны, кошоматчыны өтө жаман көрчү.

Эстеликтин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Ош облус губернатору Накен Касиев Султан Ибраимовду «чыныгы улуттук лидер» деп атап, анын айрым иштерин эсептеп өттү.

- Тоолуу татаал шарттарда Токтогул-Толук, Каракулжа-Алайку, Ош- Кожокеден, Алабука-Чаткал, Жалалабад-Казарман автожолдорунун курулушун бүткөрүүгө жетишкен,- деди Накен Касиев Султан Ибраимовдун бүтүтүрп кеткен эмгектерин тизмектеп, - Ал Ош шаарынын башкы планын карап чыгып, көрөгөчтүк менен социалдык-маданий объекттерди курууну тездеткен. Мына айкели алдына коюлуп жаткан Ош кыргыз драма театрынын, Бабур атындагы өзбек театрынын облусттук мамлекеттик администрациянын, облусттук көп тармактуу оорукананын, облустук балдар ооруканасынын, тейлөө комбинатынын имараттарын, Сулайман тоосундагы музейди, Акбуура дарыясында салынган чоң көпүрө, текстил комбинаты жана башка көп курулуш жайлары Султан Ибраимовдун түздөн-түз кийлигишүүсү менен курулуп бүткөн.

Кыргызстандын мурдагы жетекчиси, азыркы депутат Апсамат Масалиев Султан Ибраимовдун залкар адамдардын бири болгондугун баса белгиледи:

- 1990-жылдын 4-декабры биздин эсибизден кетпейт. Себеби, ошол күнү мыкаачынын колунан Султан Ибраимович шейит кетти. Бул киши союздагы эң чоң кадыр-барктуу жетекчилер менен биригип, маселе чечип турчу.

Султан Ибраимовдун өмүрлүк жары Лейла Касымовна Ош элине ыраазычылыгын билдирип, ырахматын айтты:

- 1997-жылга чейин Султан унутулуп калган. 1997-жылы кайра Аскар Акаевдин жардамы менен жарыкка чыга баштады. Мына ошондо Аскар Акаевдин айтканы "бул киши легендага айланып баратат". Легендага айландырган Ош элинин карыяларына, Оштун эли, сиздерге ырахмат!

Сөз соңунда белгилей кетчү жагдай, эстеликтин бой-тулкусу анын үй-бүлөсүнүн эсебинен курулган. Ал эми жерпайы Оштогу «Акташ» акционердик коому тарабынан бүткөрүлгөн.
XS
SM
MD
LG