Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

Cаддам Хусейндин колго түшүрүлүшү өтө маанилүү окуя болгону менен, АКШ башындагы коалициялык күчтөргө каршылык көрсөтүү токтойт дегенди билдирбейт. Дүйшөмбү күнү Багдаддын чет жакасындагы полицайканаларда болгон террордук жардыруулардан полициянын сегиз офицери курман болду жана төрт адам жараат алды. Эрегишчи күчтөрдүн согушу токтойбу? Саддам массалык кыргын салчу куралдар кайда экенин айтып береби?

Саддамдын колго түшүрүлүшү менен, Ирактагы америкалык аскерлер башындагы биргелешкен күчтөргө каршылык көрсөтүү токтойт деген үмүт АКШ жетекчилигинде жок. Президент Жорж Буш жекшемби күнү Ак Үйдө жасаган билдирүүсүндө, өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурган террорчулукка каршы согуш али токтобосун баса белгилеп айтты:

- Саддам Хусейндин кармалуусу - Ирактагы калаба токтойт дегенди билдирбейт. Биздин алдыбызда Жакынкы Чыгыштын дал ортосундагы эркиндиктен көрө, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү артык көргөн террорчулар турат. Мындай адамдар Америка элине түз коркунуч жаратат жана алар жеңилет.

Талдоочулар, биздин радиого берген интервьюларында, президент Буш Ирактагы эрегишчилерге байланыштуу айткан сөздү түрдүүчө баалашты.

1990-жылдары АКШнын вице-президенти Ал Гордун улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси болуп иштеген Леон Фөздүн пикиринче, Саддам чындап эле адаватчылардын күрөшүн жетектеген болсо, каршылык көрсөтүү басаңдайт.
Эгерде эрегишчи топтор буга дейре өз алдынча аракеттенишсе, Ирактагы чет элдик аскерлерге кол салуулар токтобой улана берет. Бирок, Саддамдын бийлигин калыбына келтирүү күрөшү “жалпы террорчулукка ооп кетиши ыктымал”.

Нью-Йорк жана Вашингтондо жайгашкан бейөкмөттүк Жакынкы Чыгышты изилдөө борборунун мүдүрү Юдит Киппер айым эми Иракта согуш токтосо чоң жеңиш болот деп тилек кылат:

- Биз азыр режим кулады деген бекем ишеничтебиз жана психологиялык чөйрө жакшырып, адамдар келечек жашоосуна ишенимдүү мамиле кыла башташы мүмкүн. Бул каршылык көрсөтүүчүлөргө да катуу таасир этет.

Ирактагы АКШнын жарандык администрациясынын башкарууну ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүсүнү какшай айтып жүргөн Араб лигасынын баш катчысы Амр Муса дагы Саддамдын кармалганын өтө маанилүү окуя деп баалады:

- Мурдакы режимдин кыйроосу мезгилдин иши болчу. Ар ким эле мурдакы режимдин жетекчилеринин, албетте, Саддамдын камакка алынуусун Ирактагы азыркы жагдайда өтө маанилүү окуя деп ойлойт.

Талдоочулар Саддам суракта Ирактын кыргын салчу куралдары бар деген шектенүүнү ырастап берет же төгүнгө чыгарат да, бир нече айдан бери АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы менен президент Буштун өзүн осол абалга койгон суроонун жандырмагы биротоло чечилет деген пикирде.

Анткен менен, Леон Фөз Ирактын мурдакы президенти “Массалык жок кылуучу курал бизде болгон эмес” деп чыга келсе, эмне болот деп этияттанат:

- Эгер Саддам Хусейн кыргын салчу куралдар тууралуу сөз болгондо “Мен силерди акмак кылдым. Кана ал куралдар?” деп чыга келсечи. Ал Улуттар Уюмунун инспекторлорунун өлкөдө андай куралдары жок экенин текшерип тастыктоосуна макул келгенден көрө Кошмо Штаттарынын басып кирүүсүнө даярдык көргөндү артык көрүү себеби тууралуу айрым түшүндүрмө бериши ыктымал.Ошондо биз ага ишенебизби же ал чындыкты жашыруу калп сүйлөөдө деп ойлойбузбу?

АКШ өкмөтүнүн өзөктүк технологияны жайылтпоо боюнча мурдакы адиси Жон Вольфшталдын байкашына караганда, Саддам бийликтен оодарылганга чейин Ирактын кыргын салчу куралдары боюнча калпты өтө көп сүйлөгөндүктөн, чын эле андай каруу жарак болгонун аныктоо өтө кыйын болот:

- Мисалы, биз Саддамдын армиясынын көптөгөн командирлерин суракка алганда, алардын баары тең массалык жок кылуучу куралдар бар дегенге ишенбесин айтышкан. Бирок алар коңшу бөлүктөрдүн командирлеринде андай каруу жарагы бар экенине чындап ишенишет. Ошентип, Саддам анда мындай куралдары бар экенине өз эли ишенгенин ачыктан ачык каалаган жана ошол эле мезгилде эл аралык коомчулукту биздин кыргын салчу куралыбыз жок деп ишендиргенге аракет кылган. Анын натыйжасында, президент Буш натуура, калп маалыматты колдонгон.
XS
SM
MD
LG