Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Балыкчы-Каракече темир жолу айыпкерлердин күчү менен салынышы ыктымал


БИШКЕК. Балыкчы-Каракече темир жолу шарттуу түрдө түрмөгө кесилген атуулдардын күчү менен салынышы мүмкүн. Мындай маалыматты Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчиси Владимир Носовдун билдирүүсүнө таянып бүгүн «Кабар» агенттиги таратты. Аны Юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбаев да ырастады. Бирок, Таштемир Айтбаевдин айтымында, шарттуу түрдө жазаланган атуулдарды курулушка салуу тууралуу чечим кабыл алына элек. «Ал маселе Балыкчы-Каракече темир жолунун курулушу башталган кезде гана анык болот» деп билдирди «Азаттык» радиосуна Юстиция министринин орун басары.

XS
SM
MD
LG