Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Словакия Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууга көмөктөшөт


БИШКЕК. Словакиянын өкмөтү Кыргызстанда чакан жана орто ГЭСтерди куруунун техника-экономикалык негиздерин иштеп чыгуу үчүн 100 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу бүгүн «Электрстанциялар» акционердик коомунун башкы деректири Сагынбек Дордоев билдирди. Анын маалыматына караганда, мындай макулдашууга президент Аскар Акаевдин Словакиядагы ырасмий иш-сапары учурунда кол коюлду. Кыргызстандын аймагында 70тен ашык чакан жана кичи ГЭСтер бар. Бирок, совет бийлиги мезгилинде ири ГЭСтерди курууга көп маани берилип, чакан ГЭСтер керектен чыккан. Сагынбек Дордоевдин айтымында, Словакиянын инвесторлорунун жардамы менен аларды кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG