Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

АДАМ УКУГУН КОРГОО БОЮНЧА КЫРГЫЗ КОМИТЕТИНДЕ КОШ БИЙЛИК


Бакыт Аманбаев, Бишкек Адам укугун коргоочулардын укугун коргоо обсерваториясы, Адам укугун коргоо боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы жана Кыйноолорго каршы эл аралык уюм президент Аскар Акаевге, өкмөт башчы Николай Танаевге жана Юстиция министри Курманбек Осмоновго кайрылуу жолдошту. Алар укук коргоочу Рамазан Дырылдаевди куугунтуктоону токтотуп, Юстиция министрлигинен жакында каттоодон өткөн Болот Тыналиев жетектеген «Адам укугун коргоо кыргыз комитетин» каттооо тууралуу чечимди жокко чыгарууну талап кылышты.

Мындан сырткары Адам укугун коргоо боюнча Эл аралык Хельсинки федерациясынын аткаруучу деректири Арон Роудс (Aaron Rhodes) билдирүү таратып, аталган уюм Болот Тыналиев баштаган эмес, Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетин тааный тургандыгын билдирди. Ошентип, Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетиндеги «Чубактын кунундай созулган чууга» эл аралык уюмдар кийлигише баштады. Эл аралык уюмдардын мындай билдирүүсүнө Кыргызстандын жогорку бийлиги качан жана кандай жооп берээри белгисиз. Юстиция министрлигинин өкүлдөрү комитеттин айланасында болгон окуялар тууралуу сурообузга жооп берүүдөн баш тартышты.

Ал эми жакында эле Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Болот Тыналиев эл аралык уюмдардын жогорудагыдай кайрылуусуна карата өз пикирин мындайча билдирди:

- Кыргызстандагы укук коргоочулар Рамазан Дырылдаевдин куру сөзүнө ишенип алып, эл аралык уюмдар ушундай иштерди жасап жатканына нааразы. Биз бул боюнча жакында өзүбүздүн билдирүүбүздү кат түрүндө жөнөтөбүз. Биз бул эл аралык уюмсуз деле өзүбүздүн иш-аракетти жасай беребиз.

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин Болот Тыналиев, Рыскелди Момбеков башкатагын айрым мүчөлөрү жыйын өткөрүп, комитеттин төрагасы Рамазан Дырылдаевди кызматтан түшүрүп, анын ордуна Болот Тыналиевди шайлашкан. Көп өтпөй мындай уюмду Юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн. Ал эми аталган комитеттин учурда Венада жүргөн төрагасы Рамазан Дырылдаев болсо Болот Тыналиев да, Рыскелди Момбеков да комитеттин мүчөлүгүнөн мурда эле чыкканын белгилейт. Анын айтымында, алардын мындый мыйзамсыз аракеттери бийликтин колдоосу менен жасалып жатат.

Төлөкан Исмаилова жетектеген «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Болот Тыналиев баштаган топтун жасаган аракетин «Аскар Акаев жетектеген бийликтин ишмердүүлүгүн ачык сындаган Рамазан Дырылдаевдин комитетинин ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн атайылап жасалган иш» деп баалады. Т. Исмаилова Юстиция министрлигин сотко бере тургандыгын да айткан. Чындыгында эле соңку бир нече жылдан бери укук коргоочу Рамазан Дырылдаев Аскар Акаев жетектеген кыргыз бийлигин ачык сындап келет. Телефон аркылуу биз менен болгон маегинде ал «Кыргызстанда башкы коррупционер мамлекет башчысы Аскар Акаев жана анын үй бүлөөсү» деген пикирин буга чейин дүйнө коомчулугуна дайыма айтып келгем» деп билдирди:

- Мен мындай пикиримди Венада да жана башка эл аралык жыйындарда да айткам. Себеби Аскар Акаев кыргыз элинин атынан эл аралык каржы уюмдарынан 2 млрд. доллар карыз алды. Ошол акчанын кыргыз элине пайдасы тийген жок.

Дырылдаевдин жогорудагыдай пикирине кыргыз бийлигинин өкүлдөрү макул эмес. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун Дырылдаев тууралуу пикири мындай:

- Кыргызстанды чет өлкөлөргө каралап, жамандап, алардан акча алат. Чындыгында, эл алдында өлкөнү жамандагандан өткөн чоң кылмыш жок.

Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетиндеги кош бийлик канчага чейин созулаары азырынча белгисиз. Байкоочулардын пикиринде, мындай жол менен учурда Венада жүргөн Рамазан Дырылдаевдин үнүн басууга мүмкүн эмес. Экинчиден, бийликтин ага карата жогорудагыдай аракети Дырылдаевдин эл аралык уюмдардын алдындагы кадыр-баркын түшүрбөй, тескерисинче жогорулатууда.
XS
SM
MD
LG