Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Кипрдин түрк бөлүгүндө өткөн шайлоодо бийликтеги жана оппозициядагы партиялар бирдей мандатка ээ болду


Кипрдин грек бөлүгүнүн өкмөтү аралдын түрк бөлүгүндө кечээ өткөн шайлоонун жыйынтыгын калк кипрлик түрктөрдүн лидери Рауф Денкташтын жана Түркиянын саясатын жактырбаганынын белгиси катары баалады. Ал эми түрк тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн айтымында, шайлоо калк талаш маселе кандай кун менен болсо да чечилишин каалабасын көргөздү. Шайлоодо расмий маалыматтар боюнча бийликтеги жана оппозициядагы партиялар бирдей мандатка ээ болушту. Башкача айтканда, алардын ар бирине парламенттен 25тен орун тийет. Оппозиция Кипрдин түрк бөлүгү грек бөлүгүнө кошулушун жактайт. Ал эми түрк кипрлеринин лидери Рауф Денкташтын өнөктөштөрү буга каршы. Келээрки жылдын май айында Кипр Европа Биримдигине кошулмакчы. Бирок арал экиге бөлүнүп тургандыктан, мүчөлүк азырынча анын түрк бөлүгүнө жайылтылбайт.

XS
SM
MD
LG