Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Гаагадагы эл аралык трибуналда АКШнын президенттигине талапкерлердин бири көрсөтмө берүүдө


НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн мурдагы командачысы, отставкадагы америкалык генерал Уэсли Кларк Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичтин сотунда күбө катары көрсөтмө берүүдө. Ал 1999-жылы НАТОнун Югославияга каршы аскерий кампаниясына командачылык кылган. Сотто өзүн-өзү коргоп жаткан Слободан Милошевичке америкалык генералды суракка алууга мүмкүнчүлүк берилет. Уэсли Кларктын көрсөтмөлөрү жабык эшик артында угулууда. Ал айткан маалыматтар алдыдагы жума күнгө карата жарыяланышы керек. Бирок АКШ өкмөтү Гаага трибуналы менен макулдашкандай, генералдын айткандарында өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтире турган маалыматтар болсо, аларды алып коюуга укуктуу. Генерал Уэсли Кларк -Демократиялык партия келерки жылкы шайлоо үчүн АКШ президенттигине көргөзгөн талапкерлердин бири.

XS
SM
MD
LG