Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

Дагестандын төрт тургунун барымтага алган чечен согушкерлери из жашырып кетти


Өткөн түнү тоолуу Цунтинск районундагы Шаура кыштагында 25тей согушкер менен атышуу учурунда 9 чек арачы мерт болгон. Дагестан өкмөтүнүн Москвадагы өкүлү Рамазан Мамедов буларды билдирди:
- Мен алардын арасында чет элдик жалданма согушкерлер бар экенин жокко чыгарбайм. Ал эми чечен согушкерлери бар экени анык. Бул жактын жер шартын чечен согушкерлери мыкты билишет. Алар Орусиянын, Грузиянын чек араларынан өтүп, Грузияга кирип жүрүшкөн.
Дагестан ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, согушкерлер Грузия чек арасын көздөй багыт алган. Милициянын атайын бөлүктөрү согушкерлердин изине түшүүгө аракеттенүүдө. Жардамга аскердик тик учмалар да келди, бирок аба-ырайынын начардыгы издөө ишин татаалдантууда

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG