Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Саддам Хусейн сурак берүүдө


Ирактын экс-диктатору кайсыл жерде кармалып турганы ачык айтылган жок. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелддин кечээ америкалык телеканалдарга билдиргенине караганда, Саддам тергөө менен кызматташуу ниетин көргөзө элек. Ага Женева конвенциясына ылайык мамиле жасалмакчы. Америкалык генерал Марк Хертлингдин "Ассошиейтед пресс" агенттигине билдиргенине караганда, алгачкы сурактын маалыматтары жана Саддам камалганда табылган документтер Ирактын мурдагы жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн бир нечесинин камакка алынышына мүмкүнчүлүк түздү. Саддамдын режимин кулатууда АКШга өнөктөш болгон өлкөлөрдүн бири - Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро экс-диктатордун соту Ирактын өзүндө өтүш керектигин билдирди:
- Аскерий кылмышкер кылмышын жасаган өлкөнүн сотуна жооп бериши керек. Эгер бул мүмкүн болбосо, иш эл аралык сотко өткөрүлүп берилет.
Ал эми Ирактын Башкаруу кеңешинин азыркы төрагасы Абдел Азиз ал-Хакимдин айтымында, эгер Саддамды Ирактын соту соттосо, ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Эл аралык Кызыл Чырым уюм болсо Ирактын экс-диктаторуна согуш туткунуна ылайык мамиле жасалып жатканына ынануу үчүн ага жолугууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG