Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

КӨЧҮП КЕЛГЕНДЕРГЕ КАРАГАНДА КӨЧҮП КЕТКЕНДЕР АРБЫН


БИШКЕК. 16-ДЕКАБРЬ. Кыргызстан эгемендик алган 12 жылдын ичинде өлкөнүн бир миллион 200 миң атуулу жер которду. Анын ичинде 700 миң адам бир облустан экинчи облуска көчсө, 500 миң адам облус ичинде жер которду. Кыргызстандан 680 миң адам кетип, 250 миң адам көчүп келди. Кеткендердин көбү Германия өңдүү батыш өлкөлөрүнө биротоло кетишсе, 300 миңге чукул кыргызстандык Орусияда, 80 миңге жакыны Казакстанда иштеп жатат. Казакстандын тамеки талаасында иштегендердин саны 4,5 миң, калгандары соода менен курулушта иштеп жатышат. 1993-жылдан тарта Кыргызстанга сырттан 20 миң качкын келген. Азыр анын 6 миң 800и калды. Он миңи Тажикстанга кайтып, 600 качкынга Кыргызстандын атуулдугу берилди. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин директору Зафар Хакимов билдирди.

XS
SM
MD
LG