Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ КАРЫЗЫН ЖОЮУНУН БИР БУЛАГЫ


БИШКЕК. 16-ДЕКАБРЬ. Кыргызстан тышкы карызы жоюла турган тоолуу мамлекеттердин алгачкы тизмесине кирди. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстандагы эл аралык университеттин ректору Асылбек Айдыралиевден алынды. Анын маалыматына караганда, мындай чечим БУУнун тоолуу аймактар боюнча эл аралык жумушчу тобунун өткөн айда, Швейцариянын Женева шаарында өткөн жыйынында кабыл алынды. Ал чечим боюнча, Кыргызстан менен Перунун өкмөттөрү тышкы карыздарын жоюу үчүн өтө кедей жана тоолуу 10-12 мамлекеттин тизмесин түзөт. Тизме такталгандан кийин Кыргызстан менен Перунун өкмөттөрү тизмеге кирген мамлекеттердин тышкы карыздарын жоюу өтүнүчүн БУУга жана эл аралык финансы институттарына жолдойт. Асылбек Айдыралиевдин билдирүүсү боюнча, алгачкы тизмеге Бурунди, Бутан, Зимбабве, Грузия, Кыргызстан, Непал, Перу, Сомали жана Тажикстан киргизилди. Акыркы тизме эмдиги жылдын март айында Рим шаарында болуучу жыйында такталат жана ага тоолуу мамлекеттердин аянты, тоосунун бийиктиги, тышкы карызы менен ички дүң продукциясынын көлөмү негиз болот.

XS
SM
MD
LG