Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

ОТУН КРИЗИСИНИН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


БИШКЕК. 16-ДЕКАБРЬ. Кыргызстандын коопсуздук кеңеши отун тармагындагы кризисти карагандан бери бул тармактагы мыйзам бузуулар боюнча 143 кылмыш иши ачылып, анын 14ү соттун кароосуна берилди. Ачылган кылмыш иштеринин негизинде 54 миллион сом өндүрүлдү. Башкы прокуратуранын эскертүүсү менен 110 миллион сом казынага кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын орунбасары Токон Мамытов, Ички иштер министринин орунбасары Расулберди Раимбердиев жана Башкы прокурордун орунбасары Рустам Исаев өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Алардын билдирүүсү боюнча, мындан ары газ жана жылытуу акысын төлөбөгөн ишкана менен атуулдарга карата да кылмыш иши козголуп, жаза берилет. Ал эми Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын орунбасары Токон Мамытовдун айтуусу боюнча, отун тармагындагы кризисти жоюу аракети өнөктүк иш эмес жана коопсуздук кызматы кыйын кырдаалга жеткирген жагдайларды иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG