Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:29

АВСТРИЯЛЫК СҮРӨТЧҮ ЛИЦИ МАЙРЛ МЕНЕН МАЕК


Аманбек Дилденбай, Прага Австриялык сүрөтчү Лици Майрл Кыргызстнга бир нече ирет барып, сүрөт өнөрүндөгү “жаңы багытты”, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөрдү уюштуруп келген. Учурда Лизи айым келээрки жылы Австрияда болуучу сүрөт көргөзмөсүнө даярдык көрүүдө.

Австриялык сүрөтчү Лици Майрл айым өзүнүн өнөрканасында кадимки кийизди да колдонуп, кызыктуу сүрөт композицияларын түзөт. Анын мындай ыкмасы Батыш сүрөткерлеринин кызыгуусун арттырат. Лицинин чыгармалары Европанын башка өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлуп келет. Кандайдыр бир себептер менен Кыргызстандан жасалган кийиз буюму анын колуна тиет. Ал кийиздин сапаттуу жасалышына кызыгып, Кыргызстан тууралуу маалыматтарды чогултат.

Лици айым мындан үч жыл мурда Кыргызстан менен жакындан таанышканы, кийиз буюмдарынын кандайча жасалышын көргөнү барат. Биринчи сапарында эле жергиликтүү кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр менен достошуп, кийинки жылы Бишкекте кийизден жасалган буюмдардын көргөзмөсүн уюштурат.

- Лици айым, эмне себептен Кыргызстанга болгон кызыгууңуз артты?

- Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан өзүнүн сыйкырдуу жаратылышы, улуттук маданияты менен мени арбап алды. Мен Кыргызстанга барганда жаңы идеяларды издеп, чыгармачылык эргүү алам. Албетте, ал жерден жаралган идеялык табылгаларымды турмушка ашырууга аракет кылам.

- Кыргыздардын кол өнөрчүлүгү жаратылыш менен байланыштуу экенин баамдаган чыгаарсыз?

- Албетте баамдадым. Билесизби? Алгачкы жолу мен Кыргызстанга барганда, “кийиз кандай жасалат? Алардан эмнелерди жасоого болот?” деп изилдегени баргам. Мен ал жерден кол өнөрчүлөрдүн шырдак, ала кийиз, туш кийизди кантип жасаганын көргөндөн кийин, көп нерсеге түшүндүм. Ал буюмдар кыргыздардын бүтүндөй жашоосу экен. Илгерки ата-бабаларынын салт-насилин улап келаткан философиясы экен.

- Лици айым, сиз буга чейин Кыргызстанда эки ирет көргөзмө уюштурган экенсиз. Ал эми алдыдагы чыгармачылык долбооруңузда кыргыз көркөм өнөрү дагы камтылабы?

- Албетте, Кыргызстанга барып жаңы идеяларды, кызыктуу долбоорлорду жасагым келет. Бирок, тилекке каршы мындай иштерди турмушка ашырыш кыйын. Анткени Кыргызстан тараптан эч кандай колдоо болбойт. Мурдагы уюштурган эки долбоорума Австриянын маданият министрлиги каржылап жардам берген. Эми Австрия тараптан Кыргызстанга болгон кызыгуу жок болгондон кийин, жардам күтүүнүн кажети болбостур. Балким Австрия келечекте Кыргызстандын жаратылышына, маданиятына болгон кызыгуусун арттырып калышы мүмкүн. Ошондой мезгил келет деген үмүттөмүн.

- Лици айым, убактыңызды бөлүп, ат жалында маек куруп бергениңизге рахмат. Келээрки жылы Австрияда уюштуруп жаткан сүрөт өнөрүнүн жаңы багытындагы эл аралык көргөзмөңүз ийгиликтүү өтүшүнө тилектешмин.
XS
SM
MD
LG