Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Иранда ири жол кырсыгынан 12 киши өлдү


Ирандын мамлекеттик ИРНА маалымат агенттигинин кабарлашынча, бүгүн эртең менен өлкөнүн батышында болгон автокырсыктан 12 киши курман болуп, дагы 12си ооруканаларга жеткирилди.
Хамедан шаарынын полициясы жүргүнчү ташуучу автобусутун айдоочусу унааны контролдон чыгарып жиберген деп божомолдойт.
Статистикага ылайык, Иран жол кырсыктарынын саны боюнча дүйнөдөгү биринчиликти ээлейт. Ал жерде жылына 200 миңдей авария болот. Алардын натыйжасында, орто эсеп менен алганда дээрлик 15 миң киши курман болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG