Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Буржанадзе Орусияга иш сапар менен келиши мүмкүн


Кремлдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Грузиянын убактылуу президенти Нино Буржанадзе жакын аралыкта Москвага келиши мүмкүн. Бирок болочок визиттин так датасы кабарланган жок.
Кремлдин билдирүүсүндө мындай макулдашууга орус президенти Путин менен Буржанадзенин Бакудагы жолгушуусу маалында жетишилди деп айтылат. Бакуда эки мамлекет башчы Азербайжандын мурдагы президенти Гейдар Алиевтин тажыясына катышып келишти.
Дагы бир кабарга караганда, Грузиянын тышкы иштер министри Тедо Жапаридзе орус расмий өкүлдөрү менен консультация өткөрүү үчүн, бүгүн Москвага барат.
Ушу тапта Грузияда 4-январга белгиленген президенттик шайлоого даярдыктар өтүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG