Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

Ирактын саясий келечеги БУУда талкууланат


Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинде Ирактын саясий келечеги жана бийликти жергиликтүү органдарга өткөрүп берүүнүн жол-жоболору талкууланат.
Жыйында Ирактын өткөөл өкмөтүнүн тышкы иштер министри Хашияр Зебари АКШ жактырган план менен тааныштырмакчы. Ага ылайык, эмки июнь айына чейин өлкөнү башкаруу Ирактын утурумдук өкмөтүнө өткөрүлүп берет, ал эми 2005-жылдын этегинде конституция боюнча референдум жана жалпы шайлоо болот.
Кечээ БУУнун баш катчысы Коффи Аннан Саддамдын кармалышы ирактыктарды жараштырып, утурумдук башкаруунун түзүлүшү тездейт деген үмүтүн билдирген эле. Ошол эле мезгилде баш катчы уюмдун кызматкерлери ал жердеги коопсуздук жагдайы жакшырмайынча, Багдадга кайтып барбай турганын кошумчалады. Анын пикиринде, Саддамды соттоо үчүн кылмыш трибуналы түзүлсө, ал өлүм жазасын колдонбогон, ачык жана эл аралык нормаларга ылайык болушу керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG