Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:26

ГУБЕРНАТОР АСКАР САЛЫМБЕКОВ: «АТКАМИНЕРЛЕРДИН САНЫН АЗАЙТУУ АБЗЕЛ»


Кыргызстанда министрлер жана облустун губернаторлору тез-тез алмашып турушу көнүмүш адатка айланган. Эгемендүүлүктүн 12 жылында 2 гана губернатор 4 жылдык мөөнөтүн толук өтөдү. Алардын бирөө Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев болду. Экинчиси - Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков беш жылдан бери ушул кызматта.

- Аскар мырза, декабрь айында сиздин губернатор болуп иштегениңизге туура 5 жыл толду. Эгемен өлкө болгондон бери мынча убакыт бир орунда эч бир адам иштебептир. Сиз кандай себептен, 5 жыл туруктуу иштедим деп эсептейсиз?

- 5 жыл бат эле, учкан куштай өтүп кетти. Иш менен алек болсоң бат эле өтөт экен. 5 жыл мурун өзүмдүн тууган элиме-журтума кызмат жаcайын деген ой менен келдим эле. Эл мени түшүндү го деп ойлойм, мен элди түшүндүм. 5 жылда чоң тажрыйба алдым. Келгенде эле элибиздин ушул катаал турмушта духун көтөрөлү деп «Намыс» программасын кабыл алып, иштей келдик. Эл өзүнүн турмушуна, ишине башкача көз менен карап, психологиясы өзгөрө баштады. Президентибиз демилге кылган реформаларга активдүү катыштык. Парламенттик, президенттик шайлоолорду, референдумдарды башыбыздан өткөрдүк. Экономикадагы бир топ маселелерди чечкенге аракет жасадык. Мындан 5 жыл мурдагы убакыт менен азыркыны салыштырып көрсөк, эл өзү айта турган өзгөрүүлөр бар. Мыйзам боюнча мен 4 жыл иштешим керек эле, бир жыл ашык иштедим. Эгер эл дагы, президент дагы ишеним көрсөтсө мындан ары да иштейбиз. Жок, башка жакка иштейсиң десе андай өзгөрүүлөргө тартынбай карайбыз. Өзүбүздүн бизнесибиз бар дегендей, аны иштетебиз, эл-журтка баягыдай эле кызмат жасап жүрө беребиз.

- Соңку учурда эл арасында сиз тууралуу «башка жакка кетет экен, министр болот экен» деген кептер чыкты. Деги эле өзүңүздүн азыркы ички туюмуңуз кандай?

- Элибиз баардыгын баамдап, баардыгын көрүп турат да. Анын үстүнө мыйзамдарды билет дегендей. Мына менин 4 жылдык мөөнөтүм өттү, мөөнөт өткөндөн кийин бир жакка кетиш керек да. Рахмат, элибиз жанагыдай министрлик, же элчи деген кызматтарга кудалап атканы жакшы эле деп ойлойм. Ошондуктан булардын баамдаганы туура, мыйзам ченеминде болуп жаткандан кийин, биз губернаторлук орунга тырмышып отура бергендерден эмеспиз. Ошон үчүн президент эгер башка кызмат берип, бул жерге башка губернаторду коё турган болсо бул - мыйзамченемдүү иш. Мен дагы бир жолу айтып коёюн, мамлекеттик кызматка тырышкан киши эмесмин. Бизде чоң бизнес бар, «Дордой» ассоциациясынын иштери чачтан көп. Анын баарын жасасам, элибиздин, жерибиздин экономикасына, турмушуна чоң салым кошкон болот элек. Биздин элге ырахмат, ушинтип чоң иштерге мени кудалап жатканына.

- Дагы бир суроо, элдин көбү эле айтып жатат «облустун деле кереги жок, ортодогу бир структура болуп калды» деп. Негизи, облустардын бар-жогуна кандай көз-караштасыз?

- Өнүккөн көп мамлекеттерде башкаруу үч деңгээлде, бизде болсо төрт деңгээл - республика, облус, район, айыл өкмөтү. Ушунун ортосундагы бир деңгээлин алып салыш керек, район же облусту. Үч деңгээлге өтүш керек. Биздин мамлекетибиз өтө бай мамлекет эмес. Мамлекеттик аткаминерлерди (чиновниктерди) азайтыш керек, бул туура. Үч деңгээлди мен туура көрөм.
XS
SM
MD
LG