Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Саддам Хусейнди суракка алуу ишин Борбордук чалгын кызматынын өкүлдөрү жүргүзөт


Вашингтон. АКШнын коргоо катчысы Доналд Рамсвелд кечээ маалымат жыйынын өткөрүп, Саддам Хусейнди суракка алуу ишин Борбордук чалгын кызматынын өкүлдөрү жүргүзөөрүн билдирди. Рамсвелддин айтымында, Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Жорж Тенет Саддамды ким суракка алышы керектигин өзү чечет.
Рамсвелддин оюнча, тутулган Саддамдын согуш туткуну катары беделине шек келтирилген жок:
“Саддам Хусейндин согуш туткуну катары укугу сакталып жатат, бирок азырынча анын макамы мыйзамдык жактан согуш туткуну катары аныктала элек. Ага женева конвенциясына ылайык мамиле жасалууда. Ага адамгерчиликтүү мамиле жасалып жатат.”
Ал эми Саддамдын кызы Рагад болсо экс-диктатордун үч кызынын атынан эл аралык коомчулукка кайрылып, атасын эл аралык адилет сотко тапшырууга, Ирактын убактылуу кеңешине Саддамды өткөрүп бербөөгө чакырды. Рагад ушул тапта Иорданиянын ордо шаары Амманда саясий баш паана таап байырлоодо.

XS
SM
MD
LG