Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ ЗАРЫЛДЫГЫ БАРБЫ ЖАНА АЛ ЭМНЕДЕ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мындан бир нече күн мурда өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Ал максатта атайын мыйзамдын долбоору даярдалып, аны Жогорку Кеңештин 75 депутаты колдоду. Эми ал мыйзам долбоор эки палатанын төрагаларынын атынан Конституциялык сотко жолдонот.

Кабал алынганына 10 жыл болгон Конституция төрт жолу оңдолду. Соңку өзгөртүү үстүбүздөгү жылдын 2-февралындагы референдумдун натыйжасында киргизилген. Ал өзгөртүүнүн сыясы кургай электе дагы бир демилге көтөрүлдү. Бул жолу демилге Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары тарабынан сунушталып жатат. Артында миңдеген шайлоочулары турган депутаттар парламентке партиялык тизме менен катышуу укугун калыбына келтирүүнү, так айтканда, пропорционалдык шайлоо ыкмасын киргизүүнү талап кылышууда.

Айта кетүүчү нерсе, дүйнө жүзүндө шайлоонун мажоритардык жана пропорционалдык, анан бул экөөнүн аралашкан ыкмалары кеңири тараган. Мажоритардык шайлоодо өлкө бир нече шайлоо округдарына бөлүнөт. Кайсы талапкер атаандашынан көп добуш топтосо жеңүүчү деп табылат. Ал эми пропорционалдык шайлоо ыкмасы учурунда өлкөдөгү саясий партиялар болочок парламентке өз талапкерлерин партиялык тизме менен көрсөтүшөт. Депутаттык мандат кайсы партия канча добуш алганына жараша бөлүнөт.

Быйыл кабыл алынган Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясында партиялык тизме менен парламентке шайлоо эрежеси алынып салынган. Байкоочулардын пикиринде, мындай аракет кыргыз бийлиги тарабынан күн мурунтан ойлонулуп жасалган. Анткени, дешет талдоочулар, мажоритардык шайлоо учурунда бийликтин колдоосуна ээ болгон талапкерлер депутаттык мандатка оңой жетишет. Ошондой эле, мажоритардык шайлоо ыкмасы оппозициянын бирдиктүү күч болуп биригишине шарт түзбөйт. Анткени шайлоо кампаниясы башталганда оппозициянын ар бир өкүлү өзү менен өзү болуп, шайлоо округдарына кетүүгө аргасыз. Ал эми пропорционалдык шайлоо учурунда тескерисинче, ар кандай саясий топтун бирдиктүү аракеттенишине шарт түзүлөт. Натыйжада, андай саясий топтор добуштарды уурдоого да жол беришпейт. Буга Грузиядагы бийлик алмашуу мисал.

Мына ушул өңүттөн алганда депутаттардын жогорудагыдай сунушун Конституциялык сот колдойбу же жокко чыгарабы – бул азырынча белгисиз. Оппозициянын айрым өкүлдөрү жогорудагыдай демилгени колдошкон жок. Алсак, депутат Адахан Мадумаровдун пикири боюнча, соңку учурда аткаруу бийлиги өз партияларын чыңдоого жетишти. Ошондуктан мындай демилгенин артында аткаруу бийлиги турат жана аны Конституциялык соттун колдооруда шек жок:

- Эгер аткаруу бийлиги тарабынан мындай демилге көтөрүлбөсө мынчалык активдүүлүк сезилбейт эле, – дейт Адахан Мадумаров. - Учурда болочок парламенттин санын 105ке чейин жеткиребиз деп жатышат. «Алардын 75и бир мандаттуу округдан, калганы партиялык тизме менен шайлансын» деген сөз болуп жатат. Мындан тышкары, буга кошумча «эми коом бир аз туруктуу болуп калды. Ата-бабадан келаткан салт боюнча, элдик башкарууга өтсөк, парламент күчкө ээ болсун, урматтуу кыргызстандыктар» деп келечекте парламенттик башкаруу ыкмасы киргизилиши ыктымал. Ошондуктан, мен мындай шайлоо ыкмасынын киргизилишин колдобойм.

Адахан Мадумаровдун жогорудагыдай пикирине бийликтин айрым өкүлдөрү макул эмес. Мисалы, буга президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү, Конституциянын жаңы рекдакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун жетекчиси Чолпонкул Арабаевдин пикири далил:

- Бул маселе так, даана чечилбедиби. Ушул жылдын февраль айында өткөн референдумда элибиз можаритардык шайлоо ыкмасын колдоду. Натыйжада, Конституцияга жазылды. Эми кайра эле андан жарым жыл өтпөй бул маселени көтөрүү туура эмес. Ошондуктан бүгүнкү күндө мажоритардык шайлоо ыкмасы гана колдонулат.

Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун пикири боюнча эртеби-кечпи Кыргызстанда пропорционалдык шайлоо ыкмасы киргизилиши керек:

- Бүгүн болбосо эртең баары бир пропорционалдык шайлоо ыкмасы киргизилет. Анткени, саясий партиялар өлкөдөгү кандайдыр бир коомдук социалдык топтун кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлөт. Ошондуктан саясий партияларды шайлоого толук кандуу катыштырбоо-бул коомдук өнүгүүгө каршы кадам.

Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан мындай талаштуу маселеге жакында өлкөнүн Конституциялык соту чекит коюшу күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG