Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Саддам Хусейн сот жообуна тартылышы керек


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш да ушундай деп билдирди. ”Эй-Би-Си” телекомпаниясына берген интервьюсунда Буш мурдагы ирак лидерин желдет, канкор жана заалым деп атады. Саддамдын өлүм жазасына тартылышын колдой тургандыгын америкалык президент ачык айткан жок, бирок Ирак соту ушундай өкүм чыгарса, ага каршы болбой турганын да капыялап туюнтту. Андан мурдараак Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд мурдагы ирак диктаторун тергөө ишин ЦРУ жүргүзө тургандыгын кабарлаган эле. Саддамга аскери туткун катары мамиле жасалат деп белгиледи Рамсфелд.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG