Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

Аксыда Рамазан Дырылдаевди колдогон жыйын өттү


БИШКЕК. Бүгүн Аксы районунун Каражыгач айылында 200дөн ашуун кишинин катышуусу менен жыйын өттү. Анда Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин айланасында түзүлгөн кырдаал талкууга алды. Бул тууралуу Аксы районунун Каражыгач айылдык кеңешинин депутаты Кадыралы Жорокулов маалымдады. Жыйындын катышуучулары аталган комитеттин төрагасы Рамазан Дырылдаевге колдоо көрсөтүшүп, Юстиция министрлиги Болот Тыналиевдин демилгеси менен Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетин кайра каттоодон өткөргөнүн айыпташты. Аксылыктардын пикири боюнча бул маселени Жогорку Кеңештин депутаттары карап, тийиштүү бир чечим кабыл алышы зарыл. Ушундай эле маанидеги кайрылууну «Аксынын энелери кыймылы» кабыл алганын бул кыймылдын жетекчиси Дилбар Момункулова кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG