Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Сапар Орозбаков, Бишкек http://gdb.rferl.org/BE94F772-F636-4F8F-A13D-07D5DD67D649_w203.jpg 16-декабрда Бишкектин «Хаятт» мейманканасында ишкерлердин эларалык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, ага чет өлкөлүк жана ата мекендик 60 жакын ишкерлер катышты. Жыйынга президент Аскар Акаев катышып, «Экономикалык реформалардын стратегиясы» деген темада сөз сүйлөдү.

Аскар Акаев өзүнүн сөзүндө өлкөнүн басып өткөн жолуна кайрылып, 90-жылдары КМШ башынан кечирген экономикалык кыйынчылыктар туурулуу оюн бөлүштү. Президенттин пикири боюнча, ал убактагы өндүрүштүн төмөндөшүн айрым адамдар Совет биримдигинин узак жылдар бою өнүгүүнүн базар экономикасынан башка жолун тандап алганы үчүн тарткан жазасы катары карашат. Башкалар, анын айтуусу боюнча, бийликтегилер ката жиберип, кара-ниеттик кылган үчүн кризис болду деп ойлошот. Президент өзү болсо бул экономикалык кризис «Совет бийлиги учурунда башталган экономикалык депрессиянын уландысы» деп эсептейт.

- Социализм учурунда эле мен батыштын көптөгөн көрүнүктүү экономисттеринин –Хайектин, Шумпетердин, Кейнистин эмгектерин окуп үйрөнүп, мамлекеттик экономиканын социалисттик жолу сөзсүз уроого дуушар болорун баамдап түшүнгөм. Мен ошол кезде эле борборлошкон пландуу-буйрукчул экономиканын кыйроосун формулага салып, анын бөлүнүүсүн теңдеме түрүндө көрсөткөм, - деди Аскар Акаев.

Президенттин айтуусу боюнча, ал ошол кезде эле жалаң мунай казууга негизделген экономика алыска баралбасын жана жеке менчикке, ишкерликке уруксат берилмейин өнүгүү болбостугун түшүнгөн. Жеке сектордун натыйжалуулугун ал мындан 40 жыл мурда Венгрияга барганында өз көзү менен көргөн.

Аскар Акаев Кыргызстандын экономикасынын азыркы абалын мындайча мүнөздөдү:

- Ички дүң продуктынын траекториясы алдамчы мүнөзгө ээ. 2002-жылы ички дүң продуктынын төмөндөп кетиши Кыргызстанда экономикалык реформалар токтоп калгандай, өсүш жоктой түр көрсөтөт. Бирок, иш жүзүндө андай эмес. Ички дүң продуктынын төмөндөшү тышкы таасирлерден, мисалы, Кумтөр кениндеги авариянын айынан жана электр энергиянын экспортунун азайышынан улам болду.

Мамлекет башчысынын ою боюнча, өлкөнүн экономикасы жакшы эле өнүгүп жатат. «Экономикалык реформалар ыкчам жүрүп жатканын көз карандысыз изилдөөлөр айкын көрсөтүп жатат» деп, Дүйнөлүк банктын жана Европа өнүгүү банкынын изилдөөлөрүнөн бир нече факты келтирди. Муну ал көрсөтмө каражаттардын жардамы менен далилдеди. «Кеп - бул өнүгүүгө туруктуу мүнөз берүүдө болуп жатат» деди өлкө башчысы.

Президент өлкөнүн келечеги жана экономикалык реформалардын стратегиясы жөнүндө сөз кылып, «өнүгүүнүн булагы болуп атаандыштыкка жөндөмдүү жеке сектор эсептелет» деди. Анын айтымында, мамлекет ага кызмат кылышы керек. Ал мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы мамилеге мүнөздөмө берип, «жеке сектор үчүн тыюу салынбагандын баарына уруксат берилет, ал эми мамлекеттик чиновник үчүн уруксат берилбегендин баарына тыюу салынат» деп айтты. Аскар Акаев өнүгүүнүн негизги ресурсу деп Кыргызстандын элин, анын билимин, эркиндигин жана жаңылыктарды тез кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн атады.

Президенттин ою боюнча, Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн бир топ артыкчылыктар бар. Кыргызстанда гидроэнергетиканы, тоо-кен өнөр жайын жана айыл чарба продукциясын иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча жетиштүү мүмкүнчүлүктөр турат. Ал ошондой эле кызмат көрсөтүү тармагына да таянаса болот.

- Өлкө аймактын сервис борбору болуп калышы керек. Бул - биздин максат. Экономиканын курамында кызмат көрсөтүү жана сервис өсө берет. Кыргызстан Кытай менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик дарбаза болушу абзел, - деди Аскар Акаев.

Экономикалык реформалардын негизги багыты деп, президент экономиканын жолундагы тоскоолдуктарды жоюу, салык реформасын жана экспорт саясатын көрсөттү. «Салык кодекси эскирди, экономика жаңы талаптарга жооп берген, өндүрүштүн өнүгүүсүнө түрткү боло алар жаңы Салык кодексине муктаж» деди президент Акаев.
XS
SM
MD
LG