Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

ЭСЕП-КЫСАП АППАРАТЫН ОРНОТУУ БОЮНЧА ӨКМӨТТҮН ДЕМИЛГЕСИН ПАРЛАМЕНТ КОЛДОБОЙ ЖАТАТ


Кыргыз өкмөтүнүн эсеп-кысап аппаратын киргизүү демилгеси мыйзамга каршы келет. Шаршембиде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында өткөн парламенттик угуунун тыянагы ушундай болду. Парламенттик угуу Мыйзам чыгаруу жыйынын Салык, бажы жана башка төлөмдөрү боюнча комитетинин өкмөткө даярдаган сунуштарын колдоду. Анда эсеп-кысап аппаратын киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомунун аракетин токтотуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна атайын жобо сунуштоо тууралуу айтылат.

Өкмөт өлкөнүн ири базары саналган «Дордойго» эсеп-кысап машиналарын жаңы жылдан баштап орнотуу чечимине келди. Мындай пикирин парламенттик угуу учурунда өкмөт аппаратынын каржы жана экономикалык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Токтобек Акматов билдирди:

- Өкмөттүн чегинейин деген ою жок. 1-январдан баштап ишке киргизүү максатында бекем турат. Мөөнөттү узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу да сөз жок.

Өкмөт өлкөдө эсеп-кысап аппаратын киргизүү тууралуу токтомун августта кабыл алган. Ага ылайык азырынча 775 эсеп-кысап аппараты орнотулду. Ал эми «Дордой» базарына орнотуу аракети ишкерлердин каршылыгынан кийин убактылуу токтотулуп, кошмо комиссия түзүлгөн. Бирок, бул комиссия ишкерлерди тынчытаар тыянак чыгарган жок. Ошондой болсо да, салык тартибин жөнгө салуу зарыл деп эсептеген өкмөт 1-январдан баштап соода жүргүзүүнүн жаңы тартибин киргизүү чечимине келген.

Шаршембиде өткөн парламенттик угууда болсо талкууну уюштурган Салык, бажы жана башка төлөмдөрү боюнча комитети өкмөттүн мындай кадамын мыйзамсыз деп санады. Депутат Марат Султановдун пикири боюнча, өкмөттүн бул аракети түккө арзыбайт, анткени ал 1994-жылы 12-январда кабыл алынган «Калк менен эсептешүүдө эсеп-кысап аппараттарын пайдалануу жөнүндө» мыйзамдын 3-, 9-беренелерине кайчы келет. Анткени, өкмөт мыйзамда көрсөтүлгөндөй жобо иштеп чыгып, аны парламентке сунуштаган эмес.

- Биз бул жерде жок маселени далилдөө аракетин жасап жатабыз. Өкмөт жобону иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштап, бекитилгенден кийин гана нормативдик акт мыйзамдуу болот, - дейт Марат Султанов.

Ал эми каржы министрлигинин Кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев мындай көз карашка макул эмес:

- Ошол мыйзамды кабыл алып атканда, 1994-жылы Жогорку Кеңеш өкмөткө өзүнүн укугун ыйгарган. Өкмөт иштеп чыгып бекитсин деген. Конституция боюнча да ушундай. Бул жерде мыйзам бузулган жок. Жаңы жобо киргизгиле деп атышат, аны деле иштеп чыгабыз.

Касымалиевдин айтымында, эсеп-кысап аппаратын орнотуудагы өкмөттүн негизги максаты - салык төлөөнүн тартибин жөнгө салуу. «Жаңы тартипке каршы чыгып чуу көтөргөн ишкерлердин бул жерде жеке кызыкчылыктары арбын», - дейт Адылбек Касымалиев.

Ал эми «Дордой» базарынын кесиптик кошуунунун төрагасы Анатолий Новиковдун айтымында, кыргыз өкмөтү жаңы тартипти киргизүү менен миллиондогон акчадан кол жууп калышы толук ыктымал. Эсеп-кысап аппараты кирет дегенден бери Казакстандын Курдай базарына кетип жаткан ишкерлердин саны өсүп атат:

- Кырдаал мындай.Эгер ишкерлер Курдайдан ар бири 2 миң доллардан турган 2 миң контейнер-дүкөн сатып алышса, казактарга 4 миллион доллар кетип калат. Ага кошумча ишкерлер өздөрү менен кошо болжол менен 10 миңден долларлык соодасын алып кетишет. Бул болжол менен 20 миллионду түзсө, жалпысынан өлкө 24 миллион долларды жоготуп атат.

Парламенттик угууга катышкан башка ишкерлердин айтымында, эсеп-кысап машиналарынан улам «Дордой» базарында пайда болгон туруксуздук Орусиядан, Тажикстандан, Казакстандан келип турчу дүң соодагерлерди да үркүтүүдө.
Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынын Салык, бажы жана башка төлөмдөрү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Акылбек Жапаровду өкмөттүн аталган маселе боюнча багытынын так эместиги да тынчсыздандырат:

- Мына ишкерлер бюджетке кошумча 403 млн. сом беребиз деген өздөрүнүн эсебин алып келишти. Тилекке каршы, Киреше комитети да, Каржы министрлиги да эсеп-кысап машинесин ишке киргизгенде пайда көрөбү-көрбөйбү айталбай жатышат. Баягы эле саясий оюн болуп атат.

Акылбек Жапаровдун пикиринде соода жүргүзүүнүн жаңы тартибин базарларга киргизүү пайда бербей эле, тескерисинче, саясий каршылыкты жаратууда. «Бирөөнүн чөнтөгү үчүн иштөөнүн белгилери да байкалып жатат», - дейт А. Жапаров.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG