Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

ШВЕЙЦАРИЯЛЫК МЫЙЗАМЧЫЛАР ОСМОН ДӨӨЛӨТҮ АРМЯНДАРГА КАРШЫ ТУКУМ КУРУТ САЯСАТЫН ЖҮРГҮЗГӨН ДЕП САНАШАТ


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Швейцарийанын парламенти Осмон султандыгы доорунда расмий Ыстамбул армяндарга карата тукум курут сайасат алып баргандыгы тууралуу резолйутсийа бекитти. Бул Түркийанын кескин нааразычылыгын пайда кылып, тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирүү жарыйалады.

Шейшемби күнү Швейцарийанын парламентинин төмөнкү палатасы (“Улуттук Кеңеш”), өкүмөттүн тетири көз-караш билдиргенине карабастан, Осмон султандыгы учурунда империйанын армян атуулдарына карата жүргүзгөн сайасатын “геноцид” сайасаты катары таануу жөнүндө токтом бекитти. Швейцарлардын бул токтому Түркийанын тышкы иштер министрлиги тарабынан кескин сындалса, Түркийадагы айрым чөйрөлөр тарабынан “батыштык өлкөлөрдүн Түркийага карата кусаматчылыгынын жаңы бир далили” жана “Арменийадан сыртта жыргал турмушта жашаган армян диаспорасынын лобби иш-чараларынын жеңиши” катары бааланды.

Түркийанын тышкы иштер министирлиги тарабынан жарыйаланган билдирүүдө Швейцарийанын Конфедератсийалык парламентинин төмөнкү палатасында кабыл алынган резолюцийа катуу сындалып, четке кагылды. Билдирүүдө Биринчи дүйнөлүк согуштун өзүнө таандык өзгөчө татаал шарттарында, түрктөр менен армяндардын чоң азаптарды тартуусуна алып барган окуйалардын жоопкерчилигин бурмалап “тукум-курут” сайасаты катары бир тарапка оодара салуулар кабыл алынгыс деген турум чагылдырылды. Анда, ошондой эле, “Ички сайасий конйуктуранын негизинде, түркийалык-швейцарийалык мамилелерди жана өлкөсүндө жашаган түрктөрдүн сезимдерин таназарга албай туруп, Швейцарийанын улуттук мажлиси бекиткен өзүнүн бул токтомунун жоопкерчилигин өз мойнуна алып олтурат” делинди.

Билдирүүдө айрыкча алганда, “Түркийа ар дайым улуттук парламенттерди калктар жана маданийаттар ортосунда кагылышууларды пайда кылчу иш-аракеттерден сак болууга, ошондой эле, келечектеги муундарга дагы тынч бир дүйнөнү мурас калтырууга үндөп келди” деп белгиленди.

Шеварднадзенин сайасий сахнадан кетишинин жана Гейдар Алиевдин кайтыш болуусунун тушунда Кавказийа чөлкөмүндөгү чоң ойунда карталар кайра бөлүштүрүлүп жаткан бир кезде, Швейцарийанын парламентинин мындайча бир токтом бекитиши, айрым сайасий байкоочулардын пикиринде, кокусунан болгон бир окуйа емес. Анткени, дешет ал чөйрөлөр, Грузийадагы баркыт ыңкылаптан кийин бийликке Батышка жакындыгы менен таанымал лидерлердин келүүсү, Азербайжанда Илхам Алиевдин атасы баштаган жолду улантаарын жар салуусу сыяктуу окуялар болуп жаткан чакта, дээрлик Российанын таасир чөйрөсүндө кармалып калган Арменийанын Батыштан ого бетер обочолонуп калуу ыктымалы пайда болууда.

Авразийа Стратегийалык изилдөөлөр борборунун (АСАМ) Армян изилдөөлөр институтунда иштеген доцент, доктор Камер Касымдын байаны бойунча, 1878-жылы кол койулган Берлин келишими аркылуу эл аралык аренада көтөрүлгөн Армян маселеси ардайым чоң дөөлөттөрдүн эл аралык сайасатында бул же тигил багытта колдонулуп келди.

Осмон султандыгы доорунда, бул империйанын чачыроо жарайаны башталары менен, султандыктын аймагында сөз айтуу укугуна ээ болуш же болбосо империйанын чачыроо жарайанын тездештириш максатын көздөгөн өлкөлөр, ар дайым армян факторунан пайдаланышты. Дүнйөнүн түрдүүчө өлкөлөрүндө жашаган армяндар тарабынан курулган уйушмалар бирдиктүүлүктү болтуруунун каражаты катары “геноцид” делинген уламыштан пайдаланып келишсе, 1991-жылы Арменийанын эгемендүүлүкө жетүүсүнөн кийин, бул маселеге Арменийа фактору дагы кошулду, - дейт Камер Касым.

Түркийа Арменийанын эгемендүүлүгүн тааныды; бирок эки өлкөнүн ортосунда алиге чейин дипломаттык байланыштар орношо элек. Мунун баштапкы себептери, биринчиден, Эревандын “геноцид” маселесин эл аралык аренада көтөрүп чыгуусу жана Тоолуу Карабак жаңжалы деп айтууга болот. Арменийанын эгемендүүлүкө чыгуу жарайанында чоң рол ойногон туңгуч президенти Левон Тер-Петросян, ошол тукум-курут делинген ырастоолордун Арменийа тарабынан күн тартибине киргизилишине каршы эле. Бирок, диаспорадагы армяндардын партийалары Тер-Петросяндын Улуттук Аракетин катуу түрдө сынга алып, ал бийликте кетти анын ордуна радикалдуу көз караштагы Дашнак партийасынын колдоосу менен Роберт Кочарян бийликке келди.

Ошо кезден бери “геноцид” жөнүндөгү маселе эл аралык аренада улам козголуп, өзгөчө АКШдагы армян диаспорасы, конгресстеги лобби иш-аракеттерин күчөйтүштү. АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Түркийа менен стратегийалык кызматташтыкты эсепке алуу менен, конгресстеги бул тууралуу мыйзам актыларынын бекитилишине туруштук берди. Президент Жорж Уокер Буш дагы Түркийа менен мамилелердин бузулушуна алып барчу андайча бир кадамга барбады. Ушул эле учурда чет элдердеги армяндар Канада, Франсийа өңдүү батыштык башка өлкөлөрдөгү иш аракетин күчөйтүп, Швейцарийадан мурда Франсийанын парламенти дагы ушул өңдүү резолюцийа кабыл алган эле.
XS
SM
MD
LG