Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

КАДРЛАР ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТЫНДА КАНЧА ИШТЭЭРИН КӨП УЧУРДА ӨЗДӨРҮ ДА БИЛИШПЕЙТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Ушул тапта «өкмөт кайра жаңырат экен» деген сөздөр күчөдү. Сентябрь айында Мыйзам чыгаруу жыйынында өкмөттүү жаңылоо маселеси курч көтөрүлүп, бирок анда эч кандай кадрлык өзгөрүүлөр болгон эмес. Бирок бул жолу демилгени депутаттар эмес, аткаруу бийлигинин өзү көтөрүп жаткандай. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кадрлардын бат-бат алмашуусунан өлкө жана карапайым калк кандай утушка жетет? Кеп ушул туурасында...

Көпчүлүк эксперттердин бышыктоосуна караганда, кадрдык саясаттын туруктуулугу мамлекеттин алдыга карай өнүгүшүндөгү башкы критерийлердин бири. Кызматка дайындалган жетекчи өзүн канчалык ишенимдүү сезип, өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын алдыга коюп, жигерденүү менен иштегенде гана ийгиликтер жаралаары эзелтеден элге дайын эмеспи. Андыктан акыркы жылдагы өлкөдөгү кадр саясатына иликтөө салган адистердин Кыргызстанда туруктуу кадр саясаты жок деген ырастоосу жөндүү көрүнөт. Ага мисал катары акыркы 12 жылда 10 өкмөт башчысы алмашканын жана министр, губернатор, акимдердин бат-бат жаңыланып турушун белгилешет.

Айтмакчы, Кыргызстанда эң узак иштеген министрди, губернаторду, акимди табуу өзүнчө эле машакаттуу маселеге айланды. Жакында Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдун бир орунда беш жыл иштегени коомчулук тарабынан кадимкидей жаңылык катары кабыл алынышы да ошондон уламдыр. Анткени Аскар Салымбековдон башка жалгыз гана Мамат Айбалаев бир орунда 4 жыл иштептир. Ал эми калгандары бир кызматта 6 айдан 2 жылга чейинки убакытка гана кармалышкан. Акимдердин иштөө мөөнөтү да мына ушундай эле абалда. Ошондон уламбы, айтор, «өкмөт башчысы алмашат экен» деген сөздөр коомчулукта бул жолу анчалык деле таңданууну жараткан жок.

Кадрлардын минтип бат-бат алмашып турушу тууралуу пикирин айтышкан бийликтин өкүлү болобу, же орточул саясатчыбы, болбосо оппозиционерби, айтор, бардыгы бир ооздон «кадрлардын тез-тез жаңыланышы экономикага, ошондой эле, туруктуулукка терс таасирин тийгизет» деп белгилешти. Бул маселе тууралуу эки жылга жакын премьер-министр болуп иштеген, учурда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиевдин пикирин угуп көрөлү:

- Менин оюмча, акыркы мезгилде бир топ эле көп алмашуу болду. Бат-бат алмаштырып, кадрлардын көбүнүн тамырын чаап коюп атабыз. Бул бат алмаштыргандын эч бир жакшылыгы жок. Бир баштаган иштин аягына чыгыш керек. Жооп бере турган киши болбой калып жатпайбы.

Ал эми убагында министр, андан соң губернатор кызматында туруп, учурда жеке ишкананы жетектеп жүргөн Султан Урманаев «кадрлардын тез-тез алмашып туруусу иштин натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет» дейт:

- Эми чындыгын айтканда, облус, район эмес, болгону бир дыйкан чарбасын алганда дагы, аны алдыга чыгарыш үчүн, ошондон жакшылап түшүм алыш үчүн эле эң жок дегенде 2 жыл керек деп ойлойм.

Бийлик өкүлдөрү менен бул маселе тууралуу сүйлөшкөнүбүздө алар ээлеген кызматында канча убакытка чейин тураарын өздөрү көп учурда билбей тургандыктары маалым болду. Башка кызматка дайындалганын же бошотулганын маалымат каражаттарынан гана билип калгандар аз эмес. Ошондуктан жетекчилер көпчүлүк учурда узак убакытты талап кылуучу иштерди баштоого көңүлдөрү чаппасын жашырышпайт.

Ош облусунун губернатору Накен Касиев бир адам бир жерде узак иштесе майнап жакшы болорун айтып, аны мындайча түшүндүрөт:

- Бардык эле кадрлар бир жерде көбүрөөк иштешсе деп ойлойм. Айрыкча, ортоңку даражадагы чиновниктер, райондордун жетекчилери бир жерде көбүрөөк иштешсе деген оюм бар. Айрыкча, айыл чарбасынын жыйынтыгы бир жылда эле чыга койбойт. Ал үчүн кээде 2 жыл, кээде 3 жыл убакыт керек. Негизги айта турганым - стабилдүүлүк абдан керек. Стабилдүүлүк болсо кадрларда ишеним да болот.

Жогорудагы пикирлерди мамлекет башчысынын эң жакын адамдары - убагында эң жогорку кызматтарды ээлеп турган же ээлеген атуулдар айтты. Ал эми оппозиция менен карапайым калктын пикирлери айтпаса да түшүнүктүү. Мына ушул жерден «Анда кадрларды улам-улам алмаштырганга кимдер кызыкдар? Алар эмнени көздөшөт?» деген мыйзамдуу суроо туулат. Мына ушул суроо бүгүнкү күндө коомчулуктун башын катырган башкы маселелердин бирине айланганы эч кимге жашыруун эмес. Кадр саясатындагы кемчиликтердин оорчулугун барып-келип эле карапайым калк көтөрүүүдө.
XS
SM
MD
LG